Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2025-жылдын 6-июлунда өтүүчү кирүү сынактарында жооптуу академиялык жана административдик кызматкерлер үчүн онлайн маалымат жыйыны уюштурулду.
Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун проректору, профессор Режаи Доган окуу жай көп жылдардан бери ачык-айкын, ишенимдүү жана адилеттүү сынак системасын жүргүзүп келе жатканын баса белгилеп, мындай деди: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары көп жылдардан бери өлкө боюнча эң ишенимдүү, эң ачык-айкын жана эң адилеттүү сынак системаларынын бирин иштеп чыктык. Бул ишеним силердин кошкон салымыңардын, эрежелерди кылдат аткарганыңардын жана академиялык жоопкерчилигиңердин аркасында жаралды. Кирүү сынагы жөн гана баалоо куралы эмес. Ошол эле учурда КТМУнун институционалдык аброюнун, билим берүү концепциясынын жана сапат маданиятынын практикалык чагылдырылышы болуп саналат. Ошондуктан ар бир кызматкер көрсөтө турган тактык жана кылдаттык сынактын ийгиликтүү өтүшүнө түздөн-түз таасир этет. Сынактардын эрежелерге ылайык өткөрүлүшү; ар бир талапкердин бирдей шарттарда сынакка катышуусун камсыз кылат, университетибизге болгон ишенимди дагы да бекемдейт жана академиялык чынчылдыктын, коомдук адилеттүүлүктүн кепилдиги болот. Биз бул сынактарды жөн гана баалоо үчүн эмес, адилеттүүлүктүн, татыктуулуктун жана ишенимдин институционалдык белгиси катары өткөрүп келерибизди унутпайлы. Учурдан пайдаланып силерге алдын ала ыраазычылык билдирем жана сынак процесси ийгиликтүү өтүшүн каалайм.”
Профессор Догандын кийин сөз алган аталган борбордун төрагасы, профессор Эржан Челик 6-июль күнү эки отурумда өтө турган сынактар тууралуу техникалык маалымат берди. Профессор Челик быйыл эң көп абитуриент катталганын билдирип, эртең мененки бөлүк 14 имаратта, түштөн кийинки англис тил сынагы 10 имаратта өткөрүлөрүн билдирди.
Жалпысынан 15 054 абитуриент “Манас” университетине тапшыруу үчүн сынакка кирерин белгилеген профессор Челик сынактын уюштурулушу, залдардын жайгашуусу, сынак процесстери жана коопсуздук чаралары тууралуу кеңири маалымат берди. Ал сынактын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылуу үчүн бардык даярдыктардын аяктаганын баса белгиледи.
Жыйын сынакка байланыштуу суроо-жооп бөлүмү менен аяктады.