КТМУ жетекчилигинен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозовго куттуктоо сапары


  • 2025-07-08

2025-жылдын 7-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалган Бактияр Орозов менен жолугушуп, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө биринчи проректор Алмаз Ибраев “Манас” университетинин академиялык ишмердүүлүгү, билим берүү тармагындагы иш-аракеттери жана эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери тууралуу министрге маалымат берди. Башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ Бактияр Орозовду жаңы кызмат орду менен куттуктап, аны “Манас” университетине чакырды.

Жолугушуудан кийин министр Орозов “Манас” университетинин Кыргызстандагы жогорку билим берүүгө кошкон салымын жогору бааларын белгилеп, жакын арада университетке келип кетүү ниетин билдирди.

Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

    Социалдык медиада бөлүшүү