Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинин ректору, профессор Алптекин Ясым “Манас” университетине келди


  • 2025-07-14

2025-жылдын 14-июлунда Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинин ректору, профессор Алптекин Ясым баштаган делегация  Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын макамында өткөн жолугушууда эки университеттин ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Биргелешкен илимий долбоорлор, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу программаларын кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен илимий иштер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуу белектерди тапшыруу  жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү