Кыргыз-Түрк "Мaнaс" университетинин спорт илимдери факультети 2025-жылдын 28-июнунан 10-июлуна чейин Эрзурум шаарында өткөн эл аралык "Palan Extreme" мелдешинде экинчи орунга ээ болду.
Эрзурум губернаторлугу жана Эрзурум Офф-роуд табият спорттору клубунун демилгеси менен социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында Aтaтүрк университети, Эрзурум шаардык мэриясы, Узундере, Нaрмaн, Олту, Шенкaя жана Испир райондорунун акимдери жана мэрлеринин кызматташуусу менен уюштурулган бул мелдешке биздин университеттин командасы спорт илимдери факультетинин окутуучулары Aйдaр Aкмaтов жана Дaйыр Жaмaнгуловдун жетекчилиги астында катышты.
Университетибиздин командасы татаал трассаларда жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, 2025-жылкы эл аралык "Palan Extreme" мелдешинде экинчи орунду ээлеп, чоң ийгиликке жетишти.
Кыргыз-Түрк "Мaнaс" университети атынан спорттук команданы бул маанилүү жана сыймыктуу жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана аларга арбын ийгиликтерди каалайбыз!