«Манас» университети менен Түштүк Кореянын Кёндон университети академиялык кызматташуу келишимине кол коюшту


  • 2025-07-18

2025-жылдын 18-июлунда Түштүк Кореянын Кёндон университетинин ректору, профессор Джон Кью Ли жана проректор, доцент Сирожиддин С. Жураев Кыргыз-Түрк «Манас» университетине расмий иш сапар менен келишти.

Кёндон университетинин делегациясын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана проректорлор профессор Режаи Доган менен профессор Камалбек Карымшаков кабыл алды.

Иш сапардын алкагында эки университеттин ортосунда академиялык жана илимий-изилдөө тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу, чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сыяктуу маселелер талкууланды. Натыйжада эки университеттин ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду.

Академиялык кызматташтыкты чыңдоону көздөгөн бул келишим өз ара билим жана тажрыйба алмашууга негизделген узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүүнү максат кылат.

Жолугушуу тараптардын өз ара белек берүүсү жана эстеликке сүрөткө түшүүсү менен аяктады. Жолугушуудан кийин коноктор университеттин ар кыл академиялык бөлүмдөрүнө жана “Манас” ТВга барып, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алышты.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү