“Манас” университети менен Токат Газиосманпаша университетинин ортосунда академиялык кызматташуу келишимине кол коюлду


  • 2025-07-22

Токат Газиосманпаша университетинин ректору, профессор Фатих Йылмаз баштаган делегация 2025-жылдын 21-июлунда бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келишти.

Профессор Фатих Йылмазды “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана проректор, профессор Режаи Доган ректорлук макамында кабыл алышты. Жолугушуунун алкагында эки университеттин ортосунда академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган ар түрдүү маселелер талкууланды.

Жолугушууда студенттерди жана  окутуучуларды алмашуу программалары, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү колдоо, чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана маданий алакалары арттыруу сыяктуу багыттарда кызматташуу чечими кабыл алынды. Бул алкакта эки университеттин ортосунда академиялык кызматташуу келишимине кол коюлду.

Өз ара белектерди тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү жараянынан кийин конок делегация “Манас” университетинин коммуникация факультетинин алкагында иш алып барган Артыкбай Сүйүндүков атындагы кинозалына, “Манас ТВ” жана “Манас” радиосуна барды.

    Социалдык медиада бөлүшүү