Монголиянын жана Кыргызстандын билим берүү министрлеринин “Манас” университетине болгон биргелешкен сапары


  • 2025-07-23

Монголиянын билим берүү министри Наранбаяр Пурэвсурэн расмий жолугушуулар үчүн Бишкекке келип, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов менен биргеликте 2025-жылдын 22-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди.

Конокторду ректор, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана проректорлор профессор Режаи Доган менен профессор Камалбек Карымшаков ректорлук макамында тосуп алышты.

Жолугушууда Монголиянын билим берүү министри Пурэвсурэн Кыргызстан менен Түркиянын биргелешкен аракети менен негизделген бул жогорку билим берүү мекемесин жеринен көрүп жатканына кубанычта болгонун билдирди. Ал “Манас” университетинин эл аралык академиялык кызматташуу жаатында маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаарын баса белгиледи.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан делегацияга университеттин жалпы түзүмү, академиялык программалары жана Түрк дүйнөсүнө багытталган концепциясы тууралуу кеңири маалымат берди. Айрыкча, университетте билим алган студенттердин кайсы өлкөлөрдөн келгендиги, көп тилдүү билим берүү чөйрөсү жана эл аралык студенттердин курамы тууралуу дагы маалыматтарды берди. Профессор Жейлан “Манас” университетинин Кыргызстан менен Түркиядан гана эмес, Борбор Азиядан тарта көп өлкөлөрдөн келген студенттерге билим берип жатканын белгилеп, Монголиядан келген студенттердин да университетте билим алып жатканына кубанычта экенин билдирди.

Иш сапардын алкагында делегация университеттин академиялык бөлүмдөрүн, заманбап лабораторияларын, студенттик жатаканаларын, “Манас ТВ” студияларын жана “Манас” радиосун кыдырып, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Программа университетибиздин окуу жана баарлашуу борборунда сунушталган салттуу кыргыз-түрк сый тамактары менен коштолгон жылуу маек менен уланды. Сапар өз ара белектерди тапшыруу жана жалпы эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү