Сүйүктүү студенттер, кадырлуу окутуучулар жана административдик кызматкерлер!
Бүгүн биз жаңы окуу жылын гана баштабастан, ошону менен бирге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдык мааракесине күбө болуу сыймыгына ээ болуп отурабыз. Мындан туура отуз жыл мурда, эки боордош өлкөнүн биргелешкен эрки менен негизделген “Манас” университети бүгүнкү күндө жөн гана жогорку окуу жайы эмес, Түрк дүйнөсүнүн келечегин түптөгөн илим менен маданияттын көпүрөсүнө айланды.
Университетибиз акыркы төрт жылда QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинде алдыңкы 1000 университеттин катарына кирип, эл аралык жогорку билим берүү тармагында салмактуу орунду ээлей турганын далилдеди. Бул жетишкендик “Манастын” концепциясы менен миссиясынын айкын далили болуп саналат. Биздин концепциябыз — “Түрк дүйнөсүнүн биргелешкен келечегин кура турган муунду акыл жана илимдин нуру менен тарбиялоо”, ал эми миссиябыз — “Студенттерибизди универсалдуу деңгээлде билимдүү, тамырына бекем, элине жана жалпы адамзатка кызмат кылган инсандар катары жашоого даярдоо”.
Сүйүктүү студенттер!
Силер — “Манастын” жүрөгү жана эртеңки күндүн куруучуларысыңар. Университетиңер силерге билим гана эмес, ошону менен бирге баалуулук, көз караш, жоопкерчилик жана ишенимди да берүүнү максат кылат. Силерден университетиңерге ээ чыгып, анда берилген бардык академиялык, социалдык жана маданий мүмкүнчүлүктөрдү мыкты пайдаланып, ар бир күнүңөрдү окууга болгон дилгирлик менен өткөрүүңөрдү күтөбүз. Силер келечекте Кыргызстан менен Түрк дүйнөсүнүн дагы да күчтүү эртеңин кура турган мууну экениңерди унутпагыла!
Кымбаттуу окутуучулар жана административдик кызматкерлер!
Университетибиздин 30 жыл ичинде жеткен деңгээлинде эң чоң салым силерге таандык. Силердин жан үрөгөн эмгегиңердин, тынымсыз аракетиңердин жана берилгендигиңердин аркасында “Манас” бүгүнкү күндө аймакта да, дүйнөдө да престиждүү илим уясына айланды. Жаңы окуу жылында да ушундай бекем ишеним жана чечкиндүүлүк менен студенттерди келечекке даярдайсыңар деп ишенем.
30 жылдык мааракени утурлай, 2025-2026-окуу жылы бардык студенттерибиз, окутуучулар жана административдик кызматкерлерибиз үчүн ден соолукка, тынчтыкка жана ийгиликтерге толгон жыл болушун каалайм. “Бир университеттен да артык” деген түшүнүк менен “Манас” университетин биргеликте чоң максаттарга жеткиребиз деген терең ишеничтемин.
Профессор Алпаслан Жейлан
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору