2025-жылдын 1-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Бишкектеги башталгыч түрк мектебине барып, жаңы окуу жылын баштаган окуучулардын кубанычын тең бөлүштү.
Иш-чарага ректор менен катар КТМУнун башкы катчысы, профессор Исмет Алтынташ жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир да катышты.
Профессор Жейлан класстарды кыдырып, окуучулар менен маектешип, аларга ийгиликтүү жана жемиштүү окуу жылын каалады. Ал балдардын билимге болгон кызыгуусуна кубанычын билдирип, билим берүү ар бир улуттун келечегин куруучу эң бекем негиз экенин белгиледи.
“Бүгүн биз келечегибиздин кепилдиги болгон балдардын алгачкы сабактагы кубанычын бирге бөлүшүп жатабыз. Билим сүйүү, эмгек жана баалуулуктар менен коштолгондо гана чыныгы маанисине жетет. Силерге ийгиликтерге толгон окуу жылы каалайм”, — деп ректор Жейлан окуучуларга менен мугалимдерге жылуу каалоо-тилектерин айтты.
Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.