“Манастан” Улуу Памир кыргыздарына чоң колдоо


  • 2025-09-01

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Малазгирт жеңишине арналган иш-чараларга катышкандан кийин Ван шаарына барып, Улуу Памир кыргыздары менен жолукту.

Алты жыл мурда ректорлук кызматка дайындалар алдында да дал ушул жерден жолго чыккан профессор Жейлан, кыргыз бир туугандарына болгон терең сүйүүсүн кызмат учурунда гана эмес, ага чейин да ар кандай багыттарда көрсөтүп келген.

“Манас” телеканалына маек курган ректор Жейлан, Улуу Памир кыргыздарын колдоо үчүн даярдалган жаңы долбоорлор жакынкы күндөрү ишке ашарын айтты. Анын айтымында, эки өлкөнүн билим берүү министрликтери кол коё турган протоколдон кийин бул айылга үч окутуучу жөнөтүлөт. Алар кыргыз тили жана адабияты, кыргыз тарыхы жана кыргыз маданияты боюнча билим беришет. Окутуучулардын айлыктары университет тарабынан төлөнөт.

Жейлан ошондой эле Улуу Памирден “Манас” университетине тапшырып, окууга кабыл алынган жаштарга өзү жеке стипендия берерин сүйүнчүлөдү.

Ал мурда Түркиянын Салттуу спорт түрлөрү федерациясынын төрагасы болуп турганда Улуу Памирде көк бөрү командасын түзгөнүн, ал эми “Гүнеш” фондунун жетекчиси кезинде бул айылга китепкана белекке бергенин эске салды. Бул сапарында да ошол китепкананы зыярат кылып, студенттери даярдаган “Илимге жана түрк тарыхына арналган бир өмүр: профессор Алпаслан Жейланга арналган” аттуу китепти тартуу кылды.

Ректорду чоң урмат менен тосуп алган Улуу Памирликтер, айрыкча жаштардын өз тилин, маданиятын, тарыхын үйрөнүүсүнө кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык билдиришти.

Сапарынын соңунда профессор Жейлан, жеке өзү да, университет да Улуу Памир кыргыздарын ар тараптуу колдоону уланта берерин белгилеп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдык мааракесине аларды чакырып өттү.

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/QBDKiByRRWw?si=6ePmZDnn7FpfsuHK

    Социалдык медиада бөлүшүү