Бишкекте "Түркия–Кыргызстан түрк кино күндөрү" башталды


  • 2025-09-05

Бишкекте түрк маданиятын жана киносун таанытуу максатында өткөн "Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү" салтанаттуу ачылыш аземи менен башталды.

2025-жылдын 4-сентябрында өткөн иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси жана Түркиянын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Иш-чара Кыргызстандын жана Түркиянын Кино башкы башкармалыктарынын, "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын жана "Жергиликтүү ой" ассоциациясынын кызматташтыгы менен "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен түрк кино күндөрүнө чоң колдоо

Кыргыз-Түрк "Манас" университети "Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү" иш-чарасына зор салым кошуп, бул маданий долбоорду колдоого алды. “Манас” университети студенттерине түрк киносунун көрүнүктүү чыгармаларын көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, жаңы маданий жана көркөм тажрыйба тартуулады.

"Манас" университетинин бул салымы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө жана эки өлкөнүн жаштарын бириктирүүгө өбөлгө түздү.

"Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү" иш-чарасынын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Түркия Республикасынын Бишкектеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Мухтерем Өздинчер, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түркия парламентинин 26- жана 27-чакырылыштарынын депутаты, "Жергиликтүү ой" ассоциациясынын төрагасы Метин Гүндогду, Түркия Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын башчысы Бирол Гүвен, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин башкы директорунун орун басары Улан Адамалиев, "Кыргызфильм" улуттук студиясынын директору Максат Жумаев, КТМУнун Коммуникация факультетинин окутуучусу, кыргыз эл артисти, режиссёр Артыкбай Сүйүндүков, түрк кино актерлору Дамла Сөнмөз, Йылдыз Чагры Атиксой, Берк Октай, Дуйгу Мерджан, Барыш Кылыч жана Аныл Алтан, ошондой эле режиссерлор жана көптөгөн кино сүйүүчүлөр катышышты.

"Чыгармачылык эки өлкөнүн ортосуна көпүрө курат"

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды дагы бекемдей турганын баса белгиледи. Түрк киносунун эң мыкты үлгүлөрүн кыргыз көрүүчүлөрү сунуштоо элдерди руханий жактан жакындатарын айтып, бул иш-чара эки өлкөнүн ортосунда чыгармачылык көпүрөсүн түзөрүн белгиледи.

Түркиянын Бишкектеги элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Мухтерем Өздинчер өз сөзүндө Түркия менен Кыргызстандын орток маданияты, тарыхы жана салттары менен байланышкан эки бир тууган өлкө экенин баса белгиледи. Өздинчер бул бекем байланыштын саясат, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият чөйрөлөрүндөгү мамилелерди бекемдеп жатканын айтып: "Биз Чыңгыз Айтматовдун "Адам өзүнүн адамдыгын маданияты аркылуу гана жашайт жана сактайт" деген сөзүн туу тутуп келебиз. Ушул түшүнүк менен маданий кызматташтыгыбызды улантып жатабыз" - деди.

Түркия парламентинин 26- жана 27-чакырылыштарынын депутаты, "Жергиликтүү ой" ассоциациясынын төрагасы Метин Гүндогду өз сөзүндө Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрүнүн быйыл тогузунчу жолу өткөрүлүп жатканын белгиледи. Бул иш-чаранын быйыл биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография башкы башкармалыгы менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын кызматташтыгында уюштурулганын айтты. Уюмга салым кошкон бардык мекемелерге жана конокторго ыраазычылык билдирген Гүндогду, түрк киносун дос жана бир тууган өлкөлөрдө жайылтуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Андан соң сөз сүйлөгөн Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын башчысы Бирол Гүвен Түркия менен Кыргызстандын терең кино маданиятына ээ эки өлкө экенин белгилеп: "Кыргызстан – Чыңгыз Айтматовдун өлкөсү. Биздин эң мыкты кинобуз анын калеминен жаралган. Бизде орток маданият, тарых жана баалуулуктар бар, бирок орток кинолорубуз жок" - деди.

"Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү" иш-чарасынын ачылыш сөздөрүнөн кийин, салтанат диплом тапшыруу аземи менен уланды. Түркиядан келген продюсерлерге, режиссерлорго жана кино ишмерлерине ардак грамоталар тапшырылды.

"Түрк дүйнөсүнүн жүрөгү "Манаста" согот: Жалпы маданият үчүн эшигибиз баарына ачык"

Программада Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сахнага чыгып, чыгармачыл конокторго диплом тапшырды жана уюштурууга салым кошкондорго, айрыкча "Жергиликтүү ой" ассоциациясынын төрагасы Метин Гүндогдуга ыраазычылык билдирди.

Профессор Жейлан өз сөзүндө: "Кыргыз элинин Түркияны жакындан таанышынын эки маанилүү себеби бар: бири – Кыргыз-Түрк "Манас" университети, экинчиси – түрк сериалдары жана кинолору. Бул эки фактор элдин руханий дүйнөсүн байытып, кыргыз-түрк маданий байланыштарын бекемдейт", - деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан кино жана сериал тармагына инвестиция салгысы келгендердин бардыгы үчүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бардык мүмкүнчүлүктөрү ачык экенин белгилеп: "Баарыбыз бирге бир туугандыгыбызды сактап, аны бекемдөөгө биргелешип аракет кылалы"- деп сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чаранын биринчи күнү Түркиянын 2025-жылкы "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон "Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири" фильми көрүүчүлөргө тартууланды. Фильмдин режиссёру жана башкы ролдун аткаруучусу Мурат Фыратоглу да көрсөтүүгө катышып, көрүүчүлөр менен баарлашты.

8-сентябрга чейин улана турчу Түрк кино күндөрүнүн алкагында "Сүйүү байланыштары", "Акылдан жүрөккө", "Эрке" фильмдери жана "Хай Хак: Карагөз - Хадживат" мультфильми да акысыз көрсөтүлөт.

    Социалдык медиада бөлүшүү