“Манастан тарыхка сапар”: “Манас” университетинен поезд менен унутулгус саякат


  • 2025-09-08

2025-жылдын 7-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдык мааракесинин алкагында “Манастан тарыхка сапар” аттуу өзгөчө иш-чара болуп өттү.

Университетибиз Кыргыз темир жолдору менен кызматташып, Бишкектен Балыкчыга поезд менен маданий сапар уюштурулду. Кыргызстанда биринчи ирет уюштурулган бул иш-чарада, Кыргыз темир жолдоруна таандык 15 вагондон турган поезд быйылкы сезондун акыркы сапарын “Манас” университетинин үй-бүлөсү менен жасады.

Балыкчы шаарынын мэриясы колдогон бул маданий иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, ректор жардамчысы, профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ректор кеңешчилери, алардын катарында окутуучулар жана административдик кызматкерлер да катышты. Сапар студенттер үчүн акысыз өткөрүлүп, жаңы окуу жылына демилге болду.

Жалпы катышуучулар эрте менен Чыңгыз Айтматов кампусунан жолугуп, автобус менен Бишкек темир жол бекетине жеткирилди. Поезддин алдында кыскача бий программасы тартууланып, поезд саат 07:45те Бишкектен Балыкчыны көздөй жолго чыкты. Жолдо студенттер ыр ырдап, бийлеп, көңүлдүү убакыт өткөрүштү. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан вагондорду кыдырып, студенттер менен маектешти.

Поезддин ичиндеги телевизорлордо тарыхый жерлер тууралуу атайын даярдалган видеолор көрсөтүлүп, гиддер жибек жолунун маанисин, Карахандар доорундагы Баласагын шаарын, Бурана мунарасын жана Көк-Түрктөрдүн жайкы борборлорун тааныштырды. Катышуучулар ата-бабалардын изи менен Ысык-Көлдү бойлоп, тарыхка саякат жасашты.

Балыкчыдагы салтанаттуу тосуп алуу

Поездди Балыкчы шаарында “Манас” атындагы №10 орто мектебинин директору жана окуучулары салтанаттуу тосуп алышты. Элдик бий жана улуттук обондор менен коштолгон бул салтанат катышуучуларга унутулгус маанай тартуулады.

Ысык-Көл жээгинде желектер менен кооздолгон сахнада өзгөчө концерттик программа тартууланып, иш-чара ачык асман алдында өттү. Концерт алдында ректор, профессор Алпаслан Жейлан сөз сүйлөп, “Манас” университетинин миссиясына жана Түрк дүйнөсүндөгү маанисине токтолду.

Профессор Жейлан: “Манас университети жөн гана окуу жай эмес, андан да артык, чоң мааниге ээ”

Ректор Жейлан өз сөзүндө: “Биз дүйнөдөгү кадыр-барктуу университеттердин бирибиз. “Манас” университети – бул жөн гана билим берүүчү жай эмес, ал университеттен да артык. Максатыбыз – билим берүү менен гана чектелбестен, Түрк дүйнөсүнүн жүрөгү болгон Кыргызстанда биргеликте жакшы күн өткөрүү. Президент Режеп Таййип Эрдоган белгилегендей, эң башкы максатыбыз – адамга кызмат кылуу”-деди.

Ошондой эле Ысык-Көлдүн түрк маданиятындагы ордун белгилеп: “Ысык-Көл – адабиятыбыздын, тарыхыбыздын жана маданиятыбыздын эң чоң байлыктарынын бири. Чыңгыз Айтматов өз чыгармаларында Ысык-Көлдү түбөлүккө калтырып, бул мурастын кийинки муундарга жетишин камсыз кылган. Биз бул жерге сөз менен эмес, жүрөгүбүз менен келдик”-деди.

“Бул жөн гана сапар эмес, илимий жана маданий тажрыйба”

Биринчи проректор саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: “Мен Ысык-Көлдөн болгонума байланыштуу бул жерге келип, абдан толкунданып турам. Бизди Балыкчыда жылуу тосуп алган шаар жетекчилигине жана тургундарга ыраазычылык билдирем. Бүгүн тарыхый күн”-деди.

Ал “Манас” университетинин маанисин белгилеп: “Биз дүйнөдө биринчи жолу 15тен ашык вагону бар поездди ижарага алып, студенттерибиз жана окутуучуларыбыз менен тарыхый саякатка чыктык. Бул жөн гана саякат эмес, илимий, тарбиялык жана маданий тажрыйба”-деди.

Мектеп директору Шайлообек Табалдиев сөз алып, “Манас” университетинин 30 жылдыгын куттуктап: “Урматтуу кесиптештер, 30 жылдыгыңыздарды биздин мектеп, мугалимдер жамааты жана миңдеген окуучуларыбыздын атынан куттуктайм. Бул күн биздин да тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылды”-деди.

Андан соң концерт, музыка жана бий көрсөтүүлөрү менен иш-чара уланып, катышкандарга Ысык-Көлдүн жээгинде унутулгус маанай тартууланды.

Иш-чаранын аягында ректор, профессор Алпаслан Жейлан Балыкчыдагы ак сакалдар менен жолугуп, алардын батасын алды. Катышуучулар бул маанилүү сапардан кийин унутулгус элестер менен кайра Бишкекке кайтышты.

 

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү