“Манас” университети менен Наманган мамлекеттик университети академиялык кызматташтык протоколуна кол коюшту


  • 2025-09-09

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Наманган мамлекеттик университетинин ортосунда академиялык кызматташууну күчөтүүгө багытталган маанилүү протоколго кол коюлду.

2025-жылдын 8-сентябрында өткөн жолугушууда, Наманган мамлекеттик университетинин ректору, профессор Абдугаффар Кыргызбоев баштаган делегацияны “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ ректорлуктун кабылдамасында тосуп алды.

Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки университеттин ортосунда академиялык кызматташтык протоколуна кол коюлду. Протоколдун алкагында орток илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, студенттердин жана окутуучулардын алмашуу программалары, спорт, искусство жана маданият тармактарында кызматташуу боюнча макулдашууга келишти.

Зыярат алкагында Наманган мамлекеттик университетинин ректору, профессор Абдугаффар Кыргызбоев, Өзбекстанда жүргүзүлө турган археологиялык казууларга “Манас” университетинин студенттерин чакырарын айтып, “Манас” университетинин 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан бул кызматташтык Түрк дүйнөсүндөгү илимий жана маданий байланыштарды чыңдоого салым кошорун белгиледи.

Жолугушуу өз ара белектерди тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү