2025-2026-окуу жылынын күзгү семестрине спорт клубдарына катталуу башталды. Спорттун түрлөрү жана катталуу шарты төмөнкүдөй:
Спорттун түрлөрү:
1. Волейбол
2. Баскетбол
3. Футбол
4. Жеңил атлетика
5. Салттуу Жаа атуу
6. Тогуз коргоол жана мангала
7. Шахмат
8. Таяк тартыш
9. Алыш күрөшү
10. Шалвар күрөшү
11. Стол тенниси
Катталуу датасы:
2025-жылдын 10-сентябрдан 30-сентябрга чейин (иш убактысынын аягына чейин)
Катталуу үчүн зарыл болгон документтер:
- Студенттик маалымкат
- Медициналык маалымкат
✓ КР жараны болгон студенттер Рыскулов көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан Бишкек шаардык студенттик поликлиникасынан, Түркия жана башка өлкөнүн жараны болгон студенттер 3-линия көчөсү, 25/1 дарегинде жайгашкан №2 поликлиникадан медициналык маалымкат ала алышат.
Коммуникация факультети, С-105 кабинетке жогорудагы документтерди тапшыруу керек.
Машыгуулардын графиги 12 сентябрь жарыяланат, 15 сентябрда машыгуулар башталат.
Байланыш үчүн:
Назика Замирбекова
Тел.: 0701331005
W/app: 0501501405
Qr-код аркылуу жана шилтеме: