Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) 2025-жылдын 17-сентябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн чоң салтанат менен 30 жылдык мааракесин белгиледи.
"Сүрөттөрдө “Манас” университети" аттуу көргөзмө менен ачылган иш-чарада конокторго университеттин 30 жылдык өнүгүү жана ийгилик тарыхы тартууланды.
30 жылдык ийгилик жолуна эл аралык катышуу
30 жылдан бери Борбордук Азияда илимдин, маданияттын жана достуктун көпүрөсүн куруп, Түрк дүйнөсүнүн алдыңкы университетине айланган КТМУ бул маанилүү күндү эл аралык катышуу менен белгиледи.
Салтанатка: Түркия Республикасынын Вице-президенти, профессор Жевдет Йылмаз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Азербайжан Элчиси Латиф Сейфеддин оглу Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова, Түркия ЖОЖдор Кеңешинин Төрагасы, профессор Эрол Өзвар, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, министрлер, депутаттар, КТМУнун Камкорчулар Кеңешинин Төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Түркия элчилигинин кызматкерлери, Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия жана Орусиянын университеттеринен келген ректорлор, ТИКАнын Бишкектеги координатору Мехмет Бодур, Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасынын башкы дарыгери Адлан Олсун, коомдук уюмдар, академиктер, ЖМК өкүлдөрү жана студенттер катышты.
Салтанаттын ачылышында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик гимндери жаңырып, “Манас” университетинин таанытуу тасмасы тартууланды. Андан соң расмий куттуктоо сөздөрү менен азем салтанаттуу түрдө башталды.
Протокол сөздөрүнүн өзөгү: Түрк дүйнөсүнүн келечеги
Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз: ”Манас” университети – Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы
Түркия Республикасынын Вице-президенти профессор Жевдет Йылмаз, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөдү. Ата журт Кыргызстанда болуу өзгөчө сыймык экенин белгилеген Йылмаз: “Кыргызстан менен Түркия достугунун эң чоң символдорунун бири болгон “Манас” университети — Теңир-Тоонун этегинде 30 жашка чыккан терең тамырлуу бак. Анын дагы көптөгөн жылдар бою өсүп-өнүгүшүн тилейм”, — деди.
“Манас” университети Түрк дүйнөсүнө салым кошууда»
Йылмаз өз сөзүндө кыргыз- түрк бир туугандыгын кийинки муундарга жеткирүүнүн маанисине токтолду. Ал: “Бир өлкөнүн эң баалуу байлыгы — адам. Жакшы тарбия берип, билимдүү жана сапаттуу муун өстүргөн мамлекет дүйнөдө да бийик орунга чыгат”, — деди. Йылмаз, ушул өңүттө “Манас” университети түрк дүйнөсүнө жана коңшу өлкөлөргө чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи.
“Манас” университети, 30 жылдыгында медицина факультети менен жаңы ийгиликке жетүүдө
Түркиянын Вице-президенти, профессор Жевдет Йылмаз, университеттин 30 жылдык мааракеси алкагында медицина факультетине студенттерди кабыл алуу башталганын да кабарлады. Султан Сулеймандын “Эл ичинде эң баалуу нерсе — мамлекет сыяктуу, дүйнөдө болууга болсо бир дем саламаттык сыяктуу” деген сөзүн эске салган Йылмаз: “Саламаттык абдан маанилүү. Бул жаңы чечим менен кыргыз элине сапаттуу саламаттык кызматтары көрсөтүлөт. “Манас” университетинин Медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү “Манас” университетинин дипломун гана эмес, Саламаттык сактоо илимдери университетинин медицина факультетинин дипломун да алышат”, — деди.
Үч жыл бою дүйнөнүн мыкты миң жогорку окуу жайынын катарында болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бул жетишкендигине сыймык билдирген Йылмаз, салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык айтып, жаңы окуу жылында “Манас” университетинин жамаатына ийгилик каалады. Ал: “Бул жетишкендик, Кыргызстандын жана Түркиянын гана эмес, бүт Түрк дүйнөсү үчүн сыймык булагы”, — деп кошумчалады.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев: “Манас университети-бир туугандык менен илимдин символу”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев салтанатта сүйлөп, эки элдин тарыхы бир экенин белгиледи. Касымалиев: “Улуу кыргыз эли менен улуу түрк эли бир тамырдан жаралган эки эл. Элдерибизге Манастын кылычы менен Алп Арсландын кылычы бирдей жарык берип турат. Биз күчтү Чыңгыз Айтматов менен Назым Хикметтин сөздөрүнөн, Күлтегин менен Манастын мурастарынан алабыз”, — деди. Ал ошондой эле, бүгүнкү күн элдердин биримдигин, ынтымагын жана достугун даңазалаган майрам экенин белгилеп: “Тарыхтын тереңинен, жүрөктүн түпкүрүнөн келген бир туугандык байланышыбызды илим дүйнөсүндө кылымдар бою бекемдеп келе жаткан ыйык билим ордосу — “Манас” университетинин мааракесинде баш кошуп жатабыз. Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан 30 жылдык мааракеңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайм”, — деди. Касымалиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университети түзүлгөн күндөн тартып ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылып, лидерлерди, илимпоздорду, ишкерлерди жана чыгармачыл жаш муундарды тарбиялап, жүздөгөн баалуу эмгектерди жаратканын белгиледи. Ал университеттин сыймыктуу тарыхына токтолуп, “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.
КТМУ Камкорчулар Кеңешинин Төрагасы, профессор Ибрахим Чапак: “Манас университети — үлгүлүү студенттерди тарбиялайт”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдык мааракесинде сүйлөгөн КТМУ Камкорчулар Кеңешинин Төрагасы, профессор Ибрахим Чапак университеттин миссиясына жана келечекке карата көз карашына токтолду.
Профессор Чапак “Манас” университети студенттерин жөн гана билим алууга эмес, аларды үлгү болуучу, эл аралык деңгээлде өзгөчө кызматтарда иштей ала турган адис катары өстүрүп жатканын белгиледи. Ал: “Манастын миссиясы — жөн гана студент тарбиялоо эмес; студенттерибизди өзгөчө кылып, маданиятты алып чыгып, дүйнөдө үлгү болушун камсыз кылуу”, — деди. Университеттин акыркы 30 жылдагы жетишкендиктерин да баалаган Чапак: “Алдыңкы 1000 университеттин катарына кирүү оңой эмес. Бул чындап эле мактоого татыктуу жетишкендик жана “Манас” университетин ушул деңгээлге жеткирген ректорубуз жана бардык окутуучуларга ыраазычылык билдирем”, — деди. 2025-2026 окуу жылына да токтолгон Чапак студенттердин сабактары башталганын жана окутуучулардын чоң эмгек кылып жатканын белгилеп, жаңы окуу жылы жана ачылган медицина факультети менен Кыргызстанга, Борбор Азияга жана Түркияга олуттуу салым кошуларын айтты. Сөзүнүн аягында профессор Чапак: “Аллах университетибизге дагы көптөгөн бакыттуу 30 жылдарды көрүүгө, адептүү, маданияттуу жана маданиятыбызды дүйнөгө алып чыгара турган студенттерди өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берсин. Бул программага салым кошкон баарына жана эки өлкөнүн улуу инсандарына ыраазычылык билдирем”, — деп жыйынтыктады.
Ректор профессор Алпаслан Жейлан: “Манас университети — билим берүүдө тарых жазууда”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдык мааракесинде сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан университеттин 30 жыл убакытта күчтүү тамырларын жайып, бийикке өсүп, бүгүнкү күнгө жеткенин белгиледи.
Профессор Жейлан: “30 жыл мурда тигилген дарактын бийикке жеткен бутактарынын астында бүгүн баш коштук. Бул дарактын аты — “Манас” университети. Университетибизди чоңойткон жана өнүктүргөн — биздин студенттерибиздин кыялы, окутуучуларыбыздын талыкпас эмгеги жана ата-энелерибиздин дубалары. Биз менен бирге болгон ата-энелерге чексиз ыраазычылык билдирем”, — деди. Ал келечекке болгон көз караш жана тарых жазуунун маанисине токтолуп: “Келечекти алдын ала көрө албагандар тарых жаза албайт. “Манас” университети билим берүүдө өз тарыхын курууда. Бул тарыхтын түзүлүшүнө салым кошкон баарына ыраазычылыгымды билдирем”, — деди. Профессор Жейлан университеттин салттарын эскерип, сөзүн Хажи Бекташ-Велинин “Бир бололу, ири бололу, тирүү бололу” деген насааты менен жыйынтыктады.
Биринчи проректор саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: “Заманбап университет катары келечекке даярбыз”
Салтанатта сүйлөгөн биринчи проректор саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев “Манас” университети ачылгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин өз ишмердүүлүгүндө жогорку сапатты бекем тутуп, негизи максат катары көрүп келет жана ошондой эле, ушул максатты иш жүзүнө ашырыш үчүн бардык шарттарды камсыздаганын белгиледи. Ибраев: “ Ошондуктан “Манас” университети Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасынан эң алгачкы болуп дүйнөдө эң мыкты университеттердин арасына кирди, — деп баса белгиледи. Ал жетишкен лидерлик позицияларды сактоо оңой эместигин белгилеп: “Мындай лидерлик позицияларды сактоо биз үчүн оңойго турбайт. Бирок ошого карабастан келечекте дагы заманбап университеттин бардык талаптарына жооп бере турган жана ошондой эле жогорку билим берүү, жогорку адеп-ахлактуу адистерди Кыргыз Республикасы үчүн, Түркия Республикасы үчүн жана жалпы эле Түрк дүйнөсү үчүн даярдоого биз колубуздан келген күчүбүздү аябайбыз”, — деди.
Салтанаттуу концерттик программа
Протокол сөздөрү аяктаган соң программа салтанаттуу концерт менен уланды. КТМУ түрк дүйнөсү оркестри, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рысбек Жумакуновдун жетекчилиги менен маданий кече тартууланды. Солист Элмира Тажиева “Кыргыз жери” чыгармасын эмоцияга толгон аткаруусу менен сунуштап, чоң мактоо алды. Андан кийин сахнага чыккан солисттер Азат Садыков, Хадича Бектурсунова жана Элзар Өскөнбаева кыргызча жана түркчө чыгармалар менен көрүүчүлөрдүн толкунуна жеткиришти. Элдик чыгармаларды өзгөчө үнү жана чыгармачылыгы менен аткарган баалуу артист Фериял Башел Түзүн атайын репертуары менен программаны өзгөчө шаң менен байытты. Салтанаттын алкагында "Манас" дастанынан «Манастын Көкөтөй Шөленине Кириши» бөлүгү Манасчы Самат Көчөрбаев тарабынан аткарылып, “Манастын кыздары” бий тобунун бий көрсөтүүсү коноктордон чоң мактоого ээ болду.
Ректор профессор Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Ибраев ыраазычылык кат менен сыйланышты
30 жылдык маараке программасынын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев университетти ийгиликтүү жетектеп, өнүктүргөндүгү жана кыргыз-түрк достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланышты.
30 жылдык мааракенин медалы тапшырылды
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдык мааракеси алкагында сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова, КР Билим, Жогорку Окуу Жай жана Инновация министри Бактияр Орозов, Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Табылды Муратбеков жана Дастанбек Жумабеков, КТМУ Көзөмөл Кеңешинин төрагасы профессор Ибрахим Чапак, КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев 30 жылдыкка арналган медал менен сыйланышты.
“Манас” университетинин окутуучуларына КР Билим берүү министрлигинен ыраазычылык кат тапшырылды
КТМУ Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары Айкан Бакалова, Бүбүсара Үкүбаева, Светлана Жээнбекова, Гүлнара Абсаматова жана Бермет Саадакова Сингапур Кембридж STEM окуу китептерин кыргызчага адаптациялоо долбооруна активдүү катышкандыгы жана жыйынтыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү Министрлиги тарабынан «Ыраазычылык Кат» менен сыйланышты.
“Манас” университетинин жаштарынан салтанаттуу финал
Концерттин аягында “Манас” университетинин жаштары университеттин гимнин аткарышты. Маараке концерт менен чектелбей, университеттин 30 жылдык ийгилик таржымалын чагылдырган атайын видео көрсөтүүлөр жана студенттер тарабынан даярдалган ар кандай иш-чаралар менен күн бою уланды. Программанын катышуучулары КТМУнун түрк дүйнөсүнүн келечегине салым кошкон илхам булагы болуп, түрк дүйнөсүнө кызмат кылган алдыңкы билим берүү мекемеси экенин белгилешти. Ошондой эле, программага катышкан студенттердин бири: “Манас университетинде окуу бизге билим гана бербейт; ошондой эле маданий көпүрөлөрдү курууга жана келечекке үмүт менен кароого илхам берет. Бул 30 жылдын бир бөлүгү болуу менен сыймыктанабыз”, — деп өз сезимин жана сыймыгын бөлүштү.
Унутулгус, өзгөчө салтанат жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады