Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулар Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү


  • 2025-09-19

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) Камкорчулар Кеңеши 2025-жылдын 19-сентябрында ректораттын жыйындар залында чогулуш өткөрдү.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Камкорчулар Кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, "Манас" университети эки боордош өлкөнүн орток баалуулугу жана стратегиялык илим көпүрөсү экенин баса белгиледи. Профессор Чапак, университеттин QS рейтингиндеги ийгиликтери, кампустагы инфраструктуралык жакшыртуулар, жаңы билим берүү программалары жана маданий-коомдук иш-чаралары тууралуу айтып өттү. Ошондой эле жаңы ачылган Медицина факультети университеттин аймактык жана эл аралык деңгээлдеги таасирин дагы да күчөтөрүн белгиледи.

Кыргыз-Түрк "Манас"  университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жыйында 2020–2025-жылдар аралыгында университет жетишкен окуу, илимий жана уюштуруучулук ийгиликтер боюнча кеңири презентация жасады. Ал илимий өндүрүмдүүлүк, студенттердин канааттануусу, эл аралык кызматташтык жана санариптешүү багыттарындагы жетишкендиктерге токтолду. Ошондой эле 2025–2028-жылдарга карата стратегиялык пландар жана ишке ашырылуучу долбоорлор тууралуу маалымат берди. Профессор Жейлан жаңы ачылган медицина факультетинин өлкөгө жана аймакка сапаттуу медицина адистери даярдоого чоң салым кошоорун белгиледи. Ал "Манас" университетинин Түрк дүйнөсүндө билим берүү тармагында брендке айланышына көмөктөшкөндүгү үчүн, Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоганга, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго, Камкорчулар Кеңешинир төрагасы, профессор Ибрахим Чапакка жана бардык мүчөлөргө ыраазычылык билдирди.

Жыйында окуу-окутуу процессинен тартып илимий изилдөөлөргө, эл аралык кызматташтыктан баштап инфраструктура жана санариптик өзгөрүүлөргө чейинки көп багыттар талкууланды. Натыйжада, КТМУнун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, сапатты жогорулатуу жана стратегиялык максаттарга жетүү боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынды.

    Социалдык медиада бөлүшүү