Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил майрамынын 36 жылдыгын чоң кубаныч жана сыймык менен белгилеп жатабыз!
Кыргыз тили – элибиздин тарыхый мурасын, маданий байлыгын жана коомдук рухун муундан-муунга сактап, жалпы эскерүүбүздү калыптандырган баа жеткис казына. Бул өзгөчө күн – тилибиздин терең тарыхын жана байлыгын эскерүү гана эмес, аны коргоп, өнүктүрүп, келечек муундарга жеткирүүгө салым кошуп жаткан бардык адамдарга жана мекемелерге ыраазычылык билдирүү үчүн да маанилүү мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети негизделген күндөн тартып кыргыз тилине илимий, академиялык жана коомдук жоопкерчилик менен мамиле кылып, теориялык жана практикалык деңгээлде маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Университетибиздин окутуучулары кыргыз тилин окутуунун ар кыл багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, заманбап окуу китептери менен материалдарды даярдоо аркылуу бул тармактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, алдыңкы орунду ээлеп келишет.
«Манас» үй-бүлөсү катары, бул маанилүү жолдо 36 жыл ичинде эмгек сиңирген бардыгына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана кыргыз тилинин улуттук жана эл аралык деңгээлде абройлуу, ар дайым өсүп-өнүгүп турган нарк катары сакталып кала беришин чын жүрөктөн каалайбыз!