Рахмат, "Манас" үй-бүлөсү!


  • 2025-09-24

 

Кыргыз-Түрк "Манас" университети (КТМУ) 30 жылдык тарыхында Борбор Азияда илимдин, маданияттын жана достуктун көпүрөсүн куруп, түрк дүйнөсүнүн белгилүү жана ишенимдүү жогорку окуу жайына айланды. Ушул маанилүү этапты 2025-жылдын 17-сентябрында Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аралык катышуу менен өткөн салтанаттуу иш-чарада сыймыктануу менен белгиледик.

30 жылдык мааракебиздин алкагында өткөн "Манас" ректорлор форуму  түрк дүйнөсүнүн алдыңкы университеттеринин ректорлорун бириктирди. Бул мүмкүнчүлүк аркылуу иш-чараларыбызга катышкан урматтуу конокторубузду университетибизде тосуп алганыбызга абдан кубанычтамын.

30 жылдык мааракенин даярдыгында жогорку жоопкерчилик жана чын ыкластуу эмгек менен иштеген "Манас" үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө терең ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин тартиптүүлүгүңүздөр, жоопкерчилик сезимиңиздер жана эмгегиңиздер "Манас" университетинин 30 жылдык кадыр-баркын жана аброюн сактап гана койбостон, дагы да бийик деңгээлге көтөрдү.

"Манас" университетинин 30 жылдык мааракесин чын дилимден куттуктайм! Биримдик жана ынтымак менен мындан ары да көптөгөн ийгиликтерге бирге жетишебиз деген ишеничтемин.

 

Профессор Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк "Манас " университетинин ректору

 

 

https://www.instagram.com/reel/DO-8ZuPgjUp/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү