ИКСАД институту менен кызматташтык протоколуна кол коюлду


  • 2025-09-26

2025-жылдын 25-сентябрында ИКСАД институтунун төрагасы Мустафа Латиф Эмек баш болгон делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетине (КТМУ) иш сапары менен келишти. Жолугушуу алкагында делегация КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Камалбек Карымшаков жана башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ менен ректорлук макамында жолугушту.

Жолугушууда профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университетинин QS дүйнөлүк университеттер рейтинги боюнча алдыңкы 1000 университеттин катарына киргендигин сыймыктануу менен белгиледи. Ал өз сөзүндө “Манас” университети 30 жылдык тарыхында сапаттуу билим берүү жана илимий изилдөөлөр аркылуу Түрк дүйнөсүнө маанилүү салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен ИКСАД институтунун ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюлду. Протокол биргелешкен илимий долбоорлорду иштеп чыгуу, семинарларды жана конференцияларды уюштуруу, ошондой эле ар түрдүү академиялык ишмердүүлүктү ишке ашырууну камтыйт. Бул кызматташтык Түрк дүйнөсүндө илимий жана маданий алакаларды өнүктүрүүнү көздөйт.

Кол коюу аземинен кийин Мустафа Латиф Эмек жана аны коштогон делегация КТМУнун окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында университеттин Илимий изилдөө борборлорунун жетекчилери жана орун басарлары менен жолугушуп, ИКСАД институтунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Мустафа Латиф Эмек “Манас” университети менен кол коюлган протокол эки тараптын ортосунда бекем көпүрө түзөрүн белгилеп, университеттин меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жыйында суроо-жооп форматында талкуу жүрүп, келечекте да биргелешкен иштер уланары жана бул кызматташтык Түрк дүйнөсүнө олуттуу салым кошо тургандыгы белгиленди.

Жолугушуу жамааттык эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/AmgrrOlwVPA?si=6FtskTVx5cI6Pz1T

    Социалдык медиада бөлүшүү