Бишкекте Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү


  • 2025-09-26

2025-жылдын 26-сентябрында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында кыргыздардын алгачкы заманбап тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына карата “Түрк дүйнөсүнүн агартуучулук кыймылынын алкагында Осмонаалы Сыдык уулунун мурасы” аттуу эл аралык конференция өткөрүлдү.

Бул иш-чара Эл аралык Түрк академиясы, Кыргыз Республикасынын агартуу министрлиги жана “Манас” улуттук академиясы тарабынан уюштурулду.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Президенттин кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы Арслан Койчиев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти, профессор Шахин Мустафаев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Апас Жумагулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу жана башка илимпоздор жана коомдук ишмерлер катышты. 

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Эл аралык Түрк академиясынын президенти, профессор Шахин Мустафаев Осмонаалы Сыдык уулунун тарых илиминин өнүгүшүнө кошкон салымын эске алып,  “Осмонаалы Сыдык  уулунун 150 жылдык мааракеси Кыргызстан үчүн эле эмес бүткүл Түрк дүйнөсү үчүн абдан маанилүү”,­ — деди.

 

Агартуу министри Догдуркүл  Кендирбаева: Манас университети кыргыз тилинин өнүгүшүнө жол баштап жатат

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө “Манас” университетинин кыргыз тилине кошкон баалуу салымдарын баса белгилеп, ректор Алпаслан Жейландын кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана кийнки муундарга өткөрүлүшү багытындагы талыкпаган эмгегине ыраазычылыгын билдирди. Кендирбаева бул иш аракеттердин кыргыз тили менен маданиятынын  бекемделишине, өлкөнүн илимий жана маданий байлыгынын артуусуна чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

 

Ректор Алпаслан Жейлан: Кыргыз тилине жана маданиятына салым кошууну улантабыз

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына карата уюштурулган бул эл аралык конферанциянын маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Ректор Жейлан Осмонаалы Сыдык уулу өзүнүн эмгектери менен кыргыз тилине  салым кошконун эскерип, бул баалуу мурастын сакталышы жана келечек муунга өткөрүп берүү керектигин баса белгиледи.

Профессор Жейлан “Манас” университети түзүлгөндөн бери кыргыз тилине илимий, академиялык жана коомдук жоопкерчилик менен мамиле жасап келгенин айтып, теориялык жана практикалык деңгээлде жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу бул  багытта алдыңкы ролду аркалап келе жатканын белгиледи. Ошондой эле академиялык кадрлар  кыргыз тилин окутууда дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жүргүзүп, замандын талабына ылайык окуу китептери, материалдар жана илимий эмгектер менен бул өнүгүүгө дем берип жатканын билдирди.

Ректор, профессор Жейлан айрыкча “Манас” университетинде ачылган кыргыз тили жана адабияты программасы университетибиздин кыргыз тилине, адабиятына, маданиятына жана тарыхына кайдыгер эместигине ачык далил экенин белгилдеди.  Бул аркылуу университет кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлде таанытуу ишине үзгүлтүксүз салым кошуп жатканын  айтты.

Төрт отурумдан турган конференцияда Осмонаалы Сыдык уулунун бай мурасынан тартып, XIX жана XX кылымдын башында түрк элдеринин интеллектуалдык жашоосун калыптандырган агартуу жана реформалык кыймылдарга чейин жеткен кеңири темалар талкууланды. Бишкекте өткөн бул эл аралык иш-чара, илимпоздорду тарыхый мурасты изилдөө жана жайылтуу багытында биргелешкен аракеттерин бөлүшкөн маанилүү бир диалогдук аянтчага айланды.

    Социалдык медиада бөлүшүү