“Манас” университетинен жүрөктөрдү жылыткан иш-чара


  • 2025-09-29

“Университеттен да артык” ураанын алып жүргөн Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүүдө гана эмес, коомго кызмат кылууда да алдыңкы орунду ээлеп келет. Университет жыл сайын кайрымдуулук жарманкесин салтка айлантып, жүрөктөрдү жылыткан иш-чараны улантып келет.

Илимий ийгиликтери менен бирге коом алдындагы жоопкерчилиги менен да айырмаланган “Манас” университети 2025-жылдын 29-сентябрында “Хорон” элдик бий тобунун түркүн-түстүү көрсөтүүлөрү коштогон кайрымдуулук жарманкесин өткөрдү.

Биримдик жана боорукердик: түрк жана кыргыз даамдары “Манаста”

КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейландын уюштуруусунда өткөрүлгөн жарманке Балдар үйүндөгү балдарга жана университеттеги муктаж студенттерге үмүт чырагы болуп, коомдук биримдикти жана боорукердик рухун дагы бир ирет бекемдеди.

Чыңгыз Айтматов кампусундагы “Оба” чай бакчасында өткөн бул иш-чарага “Манас” университетинин, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин жана Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын айымдары даярдаган улуттук даамдар коюлуп, студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин активдүү катышуусу менен чоң кызыгуу жаратты.

Манас университети: Камкордукка негизделген билим берүү

Иш-чара “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын ачылыш сөзү менен башталды. Ал университеттин камкордукка негизделген билим берүү концепциясын баса белгилеп:“Биз үчүн студенттерибиз эң баалуу байлыгыбыз. Алар менен сыймыктанабыз жана жетишкендиктеринин мындан ары дагы артуусун каалайбыз. Жетекчилер жана окутуучулар катары алардын максаттарына жетүүсү үчүн бардык күчүбүздү жумшоону уланта беребиз”, – деди.

Профессор Жейлан жарманкени уюштурууга салым кошкон бардык адамдарга жана уюмдарга ыраазычылык билдирип, “Манас” университети социалдык жоопкерчилик долбоорлору аркылуу коомго тийгизген таасирин мындан ары да уланта берерин белгиледи.

Биринчи проректор, саясийи.к., доцент Алмаз Ибраев жарманкенин билим берүү процесси үчүн дагы маанилүү экенин белгилеп:“Бул жарманке маданиятыбызды таанытуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бүгүн бул жерде Кыргызстан менен Түркия гана эмес, бардык түрк элдеринин ашканалары менен таанышууга шарт түзүлдү”, – деп уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Жарманкени уюштурууга салым кошкон Фадим Шен кайрымдуулукка колдоо көрсөткөн айымдардын атынан чыгып төмөнкүлөргө токтолду: “Берүүчү кол алуучу колдон дайыма жогору турат. Жакшылык бөлүшкөн сайын көбөйөт”, – деп белгиледи. Ал өз сөзүндө ректор Алпаслан Жейланга, профессор Незахат Жейланга, Түркия Республикасынын элчилигине, Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына, Түрк Кызыл Ай коомуна жана “Манас” үй-бүлөсүнүн айымдарына ыраазычылыгын билдирди.

Түрк жана кыргыз ашканаларынын өзгөчө даамдары коштолгон жарманке кызыктуу концерттик программалар менен коштолуп, кампуста жылуу жана достук атмосфера жаратты.

Мындан тышкары, өз ыктыяры менен жардам көрсөткөн “Манас” университетинин студенттери социалдык жоопкерчилик иш-чараларына катышуунун жана муктаждарга жардам берүүнүн сыймыгын сезишти. «Хорон» элдик бий тобунун шайыр бийлери иш-чарага өзгөчө көрк кошту.

“Манас” университети “Университеттен да артык” ураанынын алкагында мындай кайрымдуулук иш-чараларын жыл сайын өткөрүп, муктаж студенттерге гана эмес, жалпы коомго да салым кошууну улантууда.

 

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү