Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Коммуникация факультетинин Радио, Телевидение жана Кино бөлүмүнүн окутуучусу Артыкбай Сүйүндүков 2025-жылдын 30-октябрында университеттин негизделишинин 30 жылдыгына арналган медаль менен сыйланды.
Ректор, профессор Алпаслан жейлан Артыкбай Сүйүндүковго медалды тапшырып, анын кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон салымы, жараткан сапаттуу чыгармалары жана КТМУнун академиялык жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Бул медаль аткарылган маанилүү кызматтардын белгиси экенин баса белгиледи.
Кыргыз киносунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары таанылган Артыкбай Сүйүндүков чыгармачыл ишмердүүлүгү жана жаш кинематографисттерди тарбиялоодогу эмгеги менен өлкөнүн маданиятын байытып, «Манас» университетинин өнүгүүсүнө да маанилүү салым кошуп келе жатат.