Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди


  • 2025-10-02

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди.

Министр Төрөбаевди КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана проректорлор профессор Исмет Алтынташ менен профессор Камалбек Карымшаков тосуп алышты. Ректоратта өткөн жолугушууда ректор Жейлан, министр Төрөбаев жана анын делегациясын университетте кабыл алып жатканына кубанычын билдирди.

Чогулуш залында өткөн жолугушууда министр Төрөбаев жана делегациясы  университет жетекчилиги жана факультет декандары менен жолугушту. Жолугушууда КТМУ факультеттеринде жүргүзүлүп жаткан илимий жана колдонмо иштер кеңири тааныштырылды.

Өз сөзүндө кызматташтыктын маанисине токтолгон министр Төрөбаев “Ар түрдүү тармактарда иштеген делегациябыз менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу үчүн бул жерге келип отурабыз. Суу ресурстары, айыл-чарба, кайра иштетүү, логистика, кооперация, механизация, экспорт, инвестиция, билим берүү, санариптештирүү жана тажрыйба алмашуу сыяктуу негизги багыттар боюнча маалымат алмашууну жана келечекте кызматташтыкты өркүндөтүүнү каалайбыз”-деди.

“Манас” университетинин 30 жылдыгын да белгилеп өткөн министр Төрөбаев, университеттин абройлуу ордуна көңүл буруп:“Манас университети кадыр-баркы жана таанымалдыгы менен айырмаланган жогорку окуу жай болуп саналат. Жаштарыбыздын бул жерде билим алууга болгон каалоосу абдан жогору. Ийгиликтериңиздердин мындан ары да улана беришин каалайбыз.” - деп билдирди.

Зыяраттын жүрүшүндө делегация, табигый илимдер факультетинин деканы, профессор Гүлбүбү Курманбекованын жетекчилигинде лабораторияларды кыдырып, молекулалык генетика, биотехнология, биохимия-гистохимия жана жалпы биология боюнча иштер менен таанышты. Андан соң, Инженердик факультетинин деканы, доцент Нурзат Тотубаеванын коштоосунда инженердик лабораториялар менен таанышып, колдонмо иштерди көрүштү. Ветеринардык факультеттин окутуучусу, профессор Аскарбек Түлөбаевдин жетекчилигинде клиникалык жана лабораториялык иштер таанытылды.

Сапар министр Төрөбаевге университеттин атынан белек тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү