Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) 30 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууга эмгеги сиңген, чын дилден аракет кылган, мекемеге болгон берилүүсү жана жоопкерчилиги менен айырмаланган окутуучуларга, административдик кызматкерлерге, сырткы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана студенттерге ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.
Иш-чара 2025-жылдын 2-октябрында ректораттын конференция залында болуп өттү. Программага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ошондой эле КТРК, ELTR, Эркин Тоо, Анадолу Агентствосу жана Кабар телеканалдарынын өкүлдөрү, окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер катышты.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: «Манас үй-бүлөсү катары чоң ийгиликтерге биргеликте жетиштик»
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө, университеттин 30 жылдык жолунда эмгеги сиңген бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип, бүгүнкү жетишкендиктердин баары биргелешкен аракеттин натыйжасы экенин белгиледи.
Профессор Жейлан университеттин 30 жыл мурда жөнөкөй бир имаратта башталган билим берүү жолу бүгүн чоң жана жашыл кампуска, күчтүү окутуучу курамга, заманбап инфраструктурага жана эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерге жеткенин айтты.
«Манас университетинин ийгилиги – бул профессорлор менен окутуучулардын гана эмес, көрүнбөгөн эмгеги менен колдоо көрсөткөн административдик кызматкерлерибиздин да жалпы аракети», – деп белгиледи.
Ал ошондой эле, университетте медициналык кызматтардан тартып ашкана сапатына, коопсуздук, инфраструктурага чейин көптөгөн тармактарда маанилүү өзгөрүүлөр болгонун белгилеп, «Бүгүн Орто Азиядагы эң мыкты студенттер Манаста окуу үчүн чоң аракет кылышууда. Студенттердин саны да, билим берүүнүн сапаты да жылдан жылга өсүп жатат» – деп кошумчалады.
Сөзүнүн аягында профессор Жейлан 30 жылдык маараке алкагында Түркия Республикасынын колдоосу менен миң орундуу жаңы кыздар жатаканасы куруларын жарыялап, бул долбоор университет үчүн эң маанилүү салымдардын бири болорун белгиледи.
Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев: «Максатыбыз – QS рейтингинде алдыңкы 500гө кирүү»
Программада сөз сүйлөгөн биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев: «Биздин университет абдан бактылуу – анткени анын артында эки өлкөнүн тең күчтүү колдоосу турат», – деди. Ал 30 жылдык мааракеге көрсөтүлгөн чоң кызыгуу жана катышуу КТМУнун канчалык кеңири таасирге ээ экенин, дүйнө жүзү менен бекем байланыш түзгөнүн жана 30 жыл ичинде чоң тажрыйба топтогонун далилдегенин белгиледи.
Мааракени ийгиликтүү өткөрүүгө салым кошкон бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, «Мындан ары да бардык күчүбүздү жумшап, бүгүн дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарында турган ордубузду дагы да жогорулатабыз. Максатыбыз – QS рейтингинде алдыңкы 500 университеттин катарына кирүү» – деп айтты.
Иш-чара ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.