Ар бир ишинде «Университеттен да артык» түшүнүгүн алып келе жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университети дагы бир жолу жүрөк жылыткан иш-чара өткөрдү.
КТМУнун Чыңгыз Айтматов кампусундагы «Оба» чай багында уюштурулган салттуу кайрымдуулук жарманкеси - бөлүшкөн сайын көбөйгөн жакшылыктын символуна айланды.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 29-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги жана Режеп Таййип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын айымдары тарабынан уюштурулган кайрымдуулук жарманкеси менен ынтымактын жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүштү.
КТМУнун Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейлан жетектеген жарманкеден түшкөн каражат, кыска убакыт ичинде маанилүү жардамга айланып, биримдик сезиминин жаркын мисалы болду.
Ошол каражат 2025-жылдын 14-октябрында университеттин “Аскыда кийим” долбооруна өткөрүлүп, муктаж студенттер үчүн үмүт нуруна айланды. Бул иш-чаранын алкагында КТМУ студенттик жатаканасында атайын бөлмө уюштурулуп, анда кыз-жигиттер үчүн жаңы, сапаттуу жана жарашыктуу кийимдер камдалды. Студенттер керектүү кийим-кечени (пальто, куртка, бут кийим ж.б.) эркин тандап, өзүнө керектүүсүн ала алышат.
Профессор Незахат Жейлан: “Аскыда кийим” долбоору руханий мааниге ээ”
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмүнүн профессору Незахат Жейлан бул долбоор тууралуу айтып жатып, мындай иштердин руханий баалуулугу чоң экенин белгиледи.
Ал: “Университеттен да артык” урааны менен башталган бул иш-чара төрт жылдан бери университеттин айым окутуучулары менен кызматкерлеринин демилгеси аркылуу ийгиликтүү жүргүзүлүп келет,” – деди.
Профессор Жейлан, кийим долбоору ар бир кышкы жана жазгы семестрде жаңы, жарашыктуу жана пайдалуу кийимдер менен толукталып турарын айтып, бул иш студенттердин баарына – кыздарга да, жигиттерге да арналганын кошумчалады.
Анын айтымында, алынган кийимдер тез арада муктаж студенттер тарабынан колдонууга өтүп, алардын орду жаңы кийимдер менен толукталып турат. “Бул иш-чаралар биздин университет жамаатында боорукерлик менен бөлүшүү маданиятын бекемдейт,” – деп айтты.
Ал мындан кийинки жаз айларында дагы кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлүп, андан түшкөн каражат “Аскыда кийим” долбоорунун алкагында муктаж студенттер үчүн колдонуларын белгилеп, бул боорукерлик иштери жыл бою уланарын кошумчалады.
Ушундай кайрымдуулук демилгелери аркылуу Кыргыз-Түрк «Манас» университети билим берүү менен катар социалдык жоопкерчиликке жана боорукерликке чоң маани берерин дагы бир жолу далилдеди.
Студенттин жүзүндөгү жылмаюу-«Манас» университети үчүн эң чоң сыйлык!