Түрк дүйнөсүнүн 23-Эл аралык коомдук илимдер конгресси Сараеводо өтүп жатат


  • 2025-10-16

2025-жылдын 15-октябрында Босния жана Герцеговинадагы Эл аралык Сараево университетинде түрк дүйнөсүнүн 23-Эл аралык коомдук илимдер конгрессинин ачылыш жыйыны болуп өттү. Конгресске Түркиядан жана түрк дүйнөсүнөн көптөгөн илимпоздор онлайн жана офлайн форматта катышты.

Конгресстин ачылыш жыйынына онлайн форматта катышкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Түрк университеттер биримдигинин алкагында жүргүзүлүп жаткан академиялык кызматташуулардын стратегиялык маанисине токтолду. Ошондой эле ал өз сөзүндө “Манас” университети илимий изилдөө жана маалымат өндүрүүдө алдыңкы ролду аткарып жатканын белгилеп, мындай деди: “Манас” университети түрк дүйнөсүндө илимий маалыматты өндүрүү жана жайылтуу жаатында алдыңкы окуу жай катары академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошуп келет.”

Конгресстин алкагында тиешелүү тармактар боюнча адистешкен илимпоздор тарабынан жалпы 132 илимий баяндама жасалып, социалдык илимдер жаатындагы актуалдуу изилдөөлөр кеңири талкууга алынат. Иш-чаранын катышуучулары түрк дүйнөсүндөгү илимий, маданий жана экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн баалап, биргелешкен академиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшөт.

    Социалдык медиада бөлүшүү