"Манас" үй-бүлөсүнүн оор жоготуусу: кымбаттуу кызматкерибиз Азамат Экишов акыркы сапарга узатылды


  • 2025-10-22

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Курулуш жана техникалык иштер башкармалыгына караштуу кампус дирекциясында иштеген Азамат Экишов 2025-жылдын 21-октябрында дүйнө салды.
Маркум Азамат Экишовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2025-жылдын 22-октябрында Кой-Таш айылында өткөрүлдү. Аземге Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор,  Алпаслан Жейлан катышып, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. 
Жаназа зыйнатына "Манас" университетинин көптөгөн академиялык жана административдик кызматкерлери да катышып, чогуу иштеген кесиптеши Азамат Экишовду акыркы сапарга узатышты.
Ишине болгон берилгендиги, жарык маанайы, жигердүү эмгеги жана чынчыл мүнөзү менен белгилүү болгон Азамат Экишов кесиптештеринин жана бүткүл "Манас" үй-бүлөсүнүн жүрөгүндө ар дайым жакшы элестер менен эскерилет.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети катары маркумга Кудайдан ырайым тилеп, анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана бүткүл "Манас" үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

    Социалдык медиада бөлүшүү