КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2-ТҮРКСОЙ Түрк дүйнөсү жаштар форумунун ачылыш аземине катышты


  • 2025-10-24

«Келечек сенсиң» деген ураан алдында быйыл Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн 2-ТҮРКСОЙ Түрк дүйнөсү жаштар форумы 23–26-октябрь күндөрү түрк дүйнөсүнүн жаш лидерлерин бириктирди. Форумдун ачылыш аземи 24-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында болуп өттү.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Айбек Чотонов, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору профессор Догдурбек Чонтоев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Ахмед Жавад институтунун башчысы, Түркиянын Улутчулдук кыймыл партиясынын төрагасынын башкы кеңешчиси жана Анкара Хажы Байрам Вели университетинин окутуучусу, профессор Рухи Эрсой, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, башкы катчынын орун басары Саит Юсуф, Түркия Маариф фондунун төрагасынын орун басары, профессор Ахмет Эмре Билгили, түрк дүйнөсүнүн жаш окумуштуулары, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Кыргызстандын студенттери катышты.

“Билим – биримдиктин көпүрөсү”
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Айбек Чотонов өз сөзүндө:
«Силер – түрк дүйнөсүнүн келечегисиңер. Биз, Кыргыз Республикасы, билимге, илимге жана жаңыланууга өзгөчө маани беребиз. Илим – элдерибиздин ортосундагы эң күчтүү көпүрө» – деп белгиледи.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө: «Мындай жолугушуулар түрк элдеринин достугун жана маданий байланышын чыңдайт. Баарыңарга ийгилик каалайм. Орток тил, тарых жана маданият – келечегибизди бириктирген эң бекем негиздер»-деп айтты.

«Жаштар – түрк дүйнөсүнүн орток келечеги»
ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев форумдун маанисин түшүндүрүп, «Бул программа – жаштардын бири-бирин жакындан таанып, пикир алышып, достуктун көпүрөсүн куруп жаткан аянтчасы. Түрк дүйнөсүнүн келечегин калыптандырган мындай жолугушуулар – биздин орток өзгөчөлүгүбүздүн жандуу далили»-деди.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору профессор Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө: «Биз университетибиздин 100 жылдык мааракесинде мындай маанилүү форумду өткөрүп жаткандыгыбыз менен сыймыктанабыз. Ата-бабаларыбыздан калган акылмандыкты жана маданий баалуулуктарды түрк дүйнөсүнө таанытуу – ар бирибиздин милдетибиз»– деп белгиледи.

«Ар бир муун өз доорунун жарыгы болот»
 Форумдун коногу катары сөз сүйлөгөн профессор Рухи Эрсой жаштарга кайрылып, «Ар бир жаңы муун – өз доорунун жарыгы. Силер билим, технология, адеп жана мекенге болгон сүйүү менен түрк дүйнөсүнүн келечек дастанын жазасыңар. Кайсы өлкөдө жүрбөгүлө, тамырыңарды, ишенимиңерди жана маданиятыңарды унутпагыла. Үй-бүлө-биздин кичинекей мамлекетибиз, мамлекет болсо-чоң үй-бүлөбүз. Илим менен куралдангыла, маданият менен өскүлө, тарых жана ишеним менен жашагыла»-деди.

Ал өз сөзүндө түрк жаштарынын руханий жана маданий биримдигин чыңдоонун маанисине токтолуп, форумду өткөрүүгө көмөк көрсөткөн Жусуп Баласагын университетине ыраазычылык билдирди.

Ректор, профессор Жейлан: «Түрк дүйнөсүнүн билим жүрөгү – Манас»
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан форумдун жүрүшүндө журналисттерге берген маегинде мындай деди: «Түрк дүйнөсүнүн жаштарын бириктирип турган эң маанилүү билим ордосу – шексиз "Манас" университети. Улуу баатыр Манастын ысымын алып жүрүү – биз үчүн сыймык гана эмес, чоң жоопкерчилик. Биз ушул жоопкерчилик менен илимдин жарыгында, маданияттын күчү жана бир туугандыктын ишеними менен түрк дүйнөсүнө кызмат кылууну улантабыз. "Манас" университети дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 1000 университеттин катарына кирип, түрк дүйнөсүнүн жаш муунунун үнү жана келечекке болгон үмүтү катары өз миссиясын улантууда. Биз илим үй-бүлөсү катары жыгылган желекти көтөрүп, желбиреген желекти дагы бийик көтөрүүгө даярбыз».

Профессор Жейлан, форумга катышкан түрк дүйнөсүнүн мыкты жаштарын Теңир-Тоонун этегинде тосуп алганына кубанычын билдирип, бул иш-чараны уюштурган Жусуп Баласагын университетине, ТҮРКСОЙго жана бардык кызматташ мекемелерге ыраазычылык билдирди.

Ачылыш аземинен кийин мотивациялык сүйлөөлөр жана ТҮРКСОЙ Туруктуу кеңешинин симуляциясы өткөрүлдү. «Келечек сенсиң» темасындагы форумдун алкагында жаштардын дипломатиялык, коммуникациялык жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган талкуулар, семинарлар жана маданий иш-чаралар уюштурулду.

Катышуучулар өз өлкөлөрүн өкүлдүк кылып, түрк дүйнөсүнүн келечегине байланышкан ойлорун жана демилгелерин ортого салышты.

    Социалдык медиада бөлүшүү