2025-жылдын 25-октябрында "Ахмед Жевад" институтунун төрагасы, профессор Рухи Эрсой жана TEİ-TUSAŞ уюмунун башкы директору жана Башкаруу кеңешинин төрагасы, профессор Махмут Ф. Акшит Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Ректорлук макамында өткөн жолугушууга проректор, профессор Исмет Алтынташ жана башкы катчы, док. Фатих Рамазан Истанбуллугил да катышты.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан коноктордун сапарына карата кубанычын билдирип, Кыргыз-Түрк "Манас" университети өлкөдөгү сапаттуу жана акысыз билим берген алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири экенин жана эл аралык деңгээлде таанылгандыгын баса белгиледи.
Жолугушууда илимий жана маданий кызматташтык маселелери талкууланды. "Ахмед Жевад" институтунун төрагасы, профессор Рухи Эрсой менен TEİ-TUSAŞ уюмунун башкы директору жана Башкаруу кеңешинин төрагасы, профессор Махмут Ф. Акшитке Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин “30 жылдык медалы” тапшырылды.
Жолугушуу белек тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.