КТМУ менен Роуэн университетинин ортосунда академиялык кызматташуу протоколуна кол коюлду


  • 2025-10-27

2025-жылдын 27-октябрында Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Джерси штатында жайгашкан Роуэн университетинин проректору доктор Гөкхан Алканат Кыргыз-Түрк “Манас” университетине (КТМУ) иш сапары менен келди.

Жолугушууда доктор Алканат КТМУнун проректорлору профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков менен ректораттагы кабыл алуу бөлмөсүндө жолукту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки университеттин ортосунда академиялык кызматташууну чыңдоого багытталган протоколго кол коюлду.

Кол коюлган протокол маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүнү, академиялык мыктылыкты жогорулатууну, эл аралык изилдөө жана өнүктүрүү ишмердүүлүгүн колдоону, ошондой эле студенттер менен окутуучулардын алмашуу программалары аркылуу мекемелер аралык кызматташууну кеңейтүүнү максат кылууда.

Жолгушуу белек алмашуу жана жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.
Доктор Гөкхан Алканат кол коюу аземинен кийин КТМУнун Ветеринария факультетине жана “Манас” телеканалына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

    Социалдык медиада бөлүшүү