Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) 29-октябрь Түркиянын Республика майрамы чоң сыймык жана кубаныч менен белгиленди. 2025-жылдын 28-октябрында КТМУнун Конгресс жана маданият борборунда өткөн “29-Октябрь — Түркиянын Республика майрамы” аттуу майрамдык иш-чара элдин патриоттук сезимин ойготуп, өзгөчө маанай тартуулады.
Бул маанилүү иш-чарага Азербайжандын Кыргызыстандагы Элчиси Латиф Сейфеддин уулу Гандилов, Өзбекстандын Элчиси Саидикрам Ниязходжаев, ТРСКнын өкүлү Тахир Осман Тахир, Түркиянын Кыргызыстандагы Билим берүү кеңешчиси Күршат Дулкадыр, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректорлору профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, ошондой эле көптөгөн окутуучулар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана студенттер катышты.
Түркиянын 102 жылдыгына арналган “Республика” аттуу сүрөт көргөзмө
Майрамдык иш-чаранын алкагында Көркөм өнөр факультетинин "Курманжан датка" сүрөт галереясында “Республика” аттуу көргөзмө өткөрүлдү.
Түркия Республикасынын 102 жылдыгына арналган бул көргөзмөдө, эркиндик, көз карандысыздык жана үмүт темасындагы сүрөттөр коюлуп, көрүүчүлөргө терең ой жана сыймык тартуулады. Студенттер жана окутуучулар тарабынан даярдалган чыгармалар республиканын баалуулуктарын көркөм өнөрдүн назик тили менен чагылдырды.
Профессор Исмет Алтынташ: “Республика-шейиттерибиздин бизге аманаты”
Концерттик бөлүк Түркия менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндеринин жаңырышы менен башталды.
Ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун проректору профессор Исмет Алтынташ өз сөзүндө республика кандай кыйынчылыктар жана курмандыктар менен түзүлгөнүн баса белгиледи.
Ал, “Республика-бул жыйырма жашында агасынын шейит болгонун угуп, үч айлык баласын таштап, ‘Менин балам энесиз жашай алат, бирок мекенсиз жашай албайт’ деп фронтко кеткен Нене Хатундардын эрдиги,”-деп белгиледи.
“Республика-бул шейиттерибиздин кан менен сактап калган ыйык аманаты. Ал-Мете хандардан, Билге каандардан, Манас атадан, Коркут аталардан калган мурас. Республика-бул Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн элге калтырган эң улуу эмгеги, эркиндик символу. Республика-түрк элинин биримдигин, достук элдердин бирдиктүү жолун көрсөтүүчү жарык. Ал-эркиндик үчүн күрөшкөн элдерге үмүт нуру,”-деди профессор Алтынташ.
Ал сөзүн: “Республика майрамыбыз кут болсун! Жашасын Республика!"-деп жыйынтыктады.
“Республиканын 102 жылдыгы” аттуу илимий конференция
Протоколдук бөлүктөн кийин Сакаря университетинин Тарых бөлүмүнүн профессору Энис Шахин “Республиканын 102 жылдыгы” деген темада баяндама жасады. Ал республика-жөн гана башкаруу формасы эмес, көз карандысыздык, заманбаптык жана эл эркинин белгиси экенин белгиледи.
Профессор Шахин өз сөзүндө республиканын тарыхый маанисин, Ататүрктүн келечекке карата көрөгөчтүгүн кеңири түшүндүрдү.
Түрк дүйнөсү оркестри: эркиндик менен биримдик обондору
Көркөм өнөр факультетинин “Түрк дүйнөсү оркестри” тарабынан берилген концерт иш-чаранын көркү болду. Республика майрамына арналган музыкалык чыгармалар катышуучуларга унутулгус сезимдерди тартуулады.
Залдагы жалпы катышуучулар, студенттер, окутуучулар жана коноктор ырларга кошулуп, майрамдык маанай жаңырды.
Теңир Тоонун этегинде шамана менен жөө жүрүш
Майрамдын соңунда университеттин демилгеси менен салтка айланган “Шамана менен жөө жүрүш” өткөрүлдү. Колдорунда желектер жана шамана менен студенттер жана окутуучулар “Республика көчөсү” аркылуу жүрүш жасап, патриоттук сезимди күчөткөн ырларды ырдашты.
Жүрүш “Оба чай багында” жыйынтыкталып, Түркия менен Кыргызыстандын мамлекеттик гимндери жаңырып, түрк дүйнөсүнүн желектери көк асманда желбиреди.
Бул кече, элдин мекенге болгон сүйүүсүн жана биримдик рухун дагы бир жолу көрсөттү. Иш-чара жалпы эскерүү сүрөткө түшүү менен аяктады.