КТМУ жана Кахраманмараш Сүтчү Имам университети түрк элдеринин орток спорт мурасына арналган симппозиум өткөрдү


  • 2025-11-03

Кахраманмараш Сүтчү Имам университети (КСҮ) менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) кызматташтыгында уюштурулган «Түрк элдеринин салттуу спорт оюндары боюнча XIII эл аралык симпозиуму» 2025-жылдын 30-31-октябрында КСҮнүн “Юнус Эмре” Конгресс жана маданият борборунда жогорку деңгээлде өткөрүлдү.


Бул симпозиумдун максаты - түрк элдеринин орток спорт мурасын сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга жеткирүү болду. Иш-чарага КСҮнүн ректору, профессор Алптекин Ясым, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Истиклал университетинин ректору, профессор Исмаил Бакан, Кахраманмараштын жаштар жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Ясин Өздемир, ошондой эле окумуштуулар, коноктор жана студенттер катышты.


Ачылыш аземинде сүйлөгөн КСҮнүн ректору, профессор Алптекин Ясым түрк элдеринин орток баалуулуктарын, маданий байланышын жана салттуу спорт оюндарын илимий негизде изилдөөнүн маанисин белгиледи.


Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Түрк дүйнөсүнүн салттуу оюндары-маданий туруктуулугубуздун өзөгү”


Симпозиумдун ардактуу коногу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө улуттук маданиятты сактоо коомдун өз баалуулуктарын терең түшүнүшү жана кабыл алышы менен гана мүмкүн экенин баса белгиледи.
Ректор, профессор Жейлан: “Маданиятты сактоонун эң күчтүү жолу-аны спорт, искусство жана илим аркылуу кайра жандандыруу. Салттуу оюндар жөн гана дене тарбия эмес, ал түрк элдеринин тарыхый эс тутумунда орун алган өзгөчө руханий мурас.”- деди.
“Ат-түрк элдеринин канаты”-деген накыл сөздү эске салган ректор Жейлан, түрк элдеринин тамырын, бир туугандык байланышын жана ынтымак рухун белгилеп: “Түрк дүйнөсүнүн салттуу оюндарын илимий изилдөөлөрдүн негизинде келечекке жеткирүү-бул биздин маданий мурасыбыздын жана биримдик сезимибиздин эң ишенимдүү өзөгү.”-деп белгиледи.


Профессор Жейлан ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети бул багытта алдынкы жана дем берүүчү ролду аткарып жатканын белгилеп: “Бул симпозиум жөн гана илимий жыйын эмес; бул түрк элдеринин маданий мурасына болгон сый-урматттын жана биримдик рухубуздун жандуу далили.”-деп кошумчалады.


Илимий пикир алмашуу, маданий биримдик жана орток эс тутум


Эки күнгө созулган симпозиумда түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар тарабынан ата-бабаларыбыздын салттуу спорттору, элдик бийлер, салттуу кийимдер жана маданий эс тутум сыяктуу темаларда баяндамалар жасалды.
Катышуучулар салттуу оюндардын жөн гана мелдеш эмес, түрк элдеринин тарыхый эс тутумунда жашап келе жаткан байыркы маданий өздүк экенин белгилешти.
Бул симпозиум түрк дүйнөсүндө маданий ынтымакты бекемдеген жана илимий кызматташтыкты чыңдаган маанилүү аянтча болду.


Жогорку деңгээлде өткөн иш-чара катышуучуларга ыраазычылык каттарды тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү