КТМУда “Карьера күнү” болуп өттү


  • 2025-11-05

2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Карьераны өнүктүрүү бөлүмү менен Кыргызстандагы Ахыска Түрктөрүнүн жаштар биримдиги биргелешип “Карьера күнү” аттуу иш-чара өткөрүштү.

Кыргызстандын алдыңкы жаш уюмдарынын өкүлдөрү катышкан иш-чарага КТМУнун Биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, доцент Сейил Нажимудинова, окутуучулар жана студенттер катышышты.

Иш-чара студенттер менен иш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн бир аянтта жолугуштуруп, карьераны пландоо, өзүн өнүктүрүү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тажрыйба бөлүшүүгө шарт түздү.

Ачылыш сөзүндө Биринчи проректор Алмаз Ибраев бул иш-чара студенттердин карьералык аң-сезимин жогорулатууга багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.

Алмаз Ибраев: “Карьера жолу — бул студенттин өз мүмкүнчүлүгүн таанып, аны туура багытта өнүктүрүүсү менен түзүлөт. Университетибиз студенттерге академиялык билим берүү менен бирге, бүтүрүүчүлөрдүн жумуш ордуна мыкты даярданышына да колдоо көрсөтөт,” – деп айтты.

Ошондой эле доцент Ибраев КТМУнун билим берүү программалары заман талабына ылайык дайыма өркүндөтүлүп турганын белгилеп: “Дүйнө тез өзгөрүүдө. Биз да бул өзгөрүүгө жараша окуу программаларыбызды кайра карап чыгып, бөлүмдөрүбүз учурдагы коомдун муктаждыктарына жооп берип жатабы?-деп дайыма талдайбыз”- деди.

Карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, доцент Сейил Нажимудинова өз сөзүндө университет менен иш дүйнөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жана студенттердин бүткөндөн кийинки жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында мындай иш-чаралардын мааниси чоң экенин айтты.

Ал: “Бул жолугушуулар студенттер үчүн жөн гана таанышуу мүмкүнчүлүгү эмес, келечек карьерасын пландоо жана кесиптик өнүгүүдө чоң кадам болуп саналат.”-деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер арасында онлайн түрдө канааттануу сурамжылоосу жүргүзүлдү. Андан кийин ар кандай тармактардан келген компания өкүлдөрү өздөрүнүн карьера жолун жана иш тажрыйбаларын студенттер менен бөлүшүштү.

Коноктордун арасында “Yaşar Group” компаниясынан Кемал Васипов, “Niyaz Group” компаниясынан Жалал Ниязов, “M-Security”, “Donuts Day” жана “Clean Up” компанияларынын жетекчиси Айдын Махмудов, ошондой эле “Selexia Turizm” компаниясынан Али Жошкун катышты.

Катышуучулар жаштарга кесип тандоодо максат коюунун, тынымсыз билим алуунун жана байланыштарды кеңейтүүнүн мааниси тууралуу кеңештерин беришти.

Иш-чара катышуучуларга белек тапшыруу, эсктеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү