Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Шейит Эрен Бүлбүл» медициналык борборуна толук иш күнүнө үй бүлөлүк дарыгер/терапевт талап кылынат.
Талаптар:
- жогорку медициналык билими жөнүндө диплом (дарылоо, педиатрия факультети)
- ординатураны же интернатураны аяктагандыгы тууралуу документ
- 3 жылдан жогору адистик боюнча иш тажрыйбасы
- 50 жашка чейин
- персоналдык компьютерди билүү
- жоопкерчилик, тактык, баарлашуу жөндөмү
Милдеттери:
- чоң бейтаптарды жана оорулуу балдарды кабыл алуу (клиникалык кароо)
- кеңири таралган ооруларды диагностикалоо, дарылоо, алдын алуу жана реабилитациялоо
- шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү
- башка адистиктердин өкүлдөрү менен биргеликте бейтаптарды коштоп жүрүү
- паллиативдик жардам чөйрөсүндөгү иш-чаралар, медициналык процедураларды жүргүзүү
- медициналык жардам көрсөтүүдө инфекциялык коопсуздук чараларын сактоо жана медициналык манипуляцияларды жүргүзүү
- медициналык маалыматты тиешелүү түрдө сактоо жана коргоо
- кесиптик компетенцияга ээ болуу жана кеңейтүү.
Жумуш шарттары:
- мыйзамга ылайык ишке орноштуруу
- толук жумуш күнү