Үркүн жана кыргыз элинин эркиндик үчүн күрөшүнүн урматына
Ар бир элдин тарыхында жеңиш менен даңктан тышкары кайгы жана азап да болот. Кыргыз элинин тарыхы да адамзат тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Кыргыздар кылымдар бою эл катары жок болуп кетүү коркунучуна карабай, улуу жеңиштерге жетишип, эпосторго арзыган баатырдык тарых жараткан эл.
1916-жылкы Үркүн окуясындагы чоң трагедия, Совет доорундагы саясий куугунтуктар, сүргүндөр жана массалык жазалоолор, 1938-жылы 138 аалымдын атылышы - булардын баары кыргыз элинин эсинде өчпөс из калтырган окуялар. Эгемендүүлүк доорунда да өлкөнүн бүтүндүгү үчүн чек арада жанын берген жаштар бул даңазалуу күрөштүн баатырлары болуп саналат.
Бүгүн, 7–8-ноябрда кыргыз элинин эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөшүн, бул жолдо курман болгон ата-бабаларыбызды, тоталитардык бийликтин кысымынан улам каза болгон аалымдарыбызды жана мекен бүтүндүгү үчүн канын төккөн жаштарыбызды терең урмат, ыраазычылык жана ырайым менен эскеребиз.
Эл өз тарыхы менен жашайт; өткөндөн күч алып, келечекке ишеним менен кадам таштайт. Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары кыргыз элинин бай руханий мурасын, кылымдар бою сакталган салттарын жана эркиндик үчүн болгон бул ыйык күрөштөрдү улап, даңазалоо - биздин эң чоң милдетибиз. Кыргызстандын көз карандысыздыгы жана өнүгүүсү үчүн эмгек сиңирген Абдыкерим Сыдыков, Мурат Салихов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Эркинбек Эсеналиев жана Төрөкул Айтматов сыяктуу улуу инсандардын ысымдары биз үчүн ар дайым сыймык булагы бойдон калат.
Биз тарыхын билген ар бир жаш өз тамырынан күч алып, келечекке бекем кадам менен аттайт деп ишенебиз. Кыргыз жаштары тарыхын жана ата-бабаларын тааныган сайын өзүнө ишеними жогорулап, өлкөнүн келечегине үмүт жана чечкиндүүлүк менен багыт алат. Кыргызстандын түбөлүк эркин, көз карандысыз жана гүлдөгөн мамлекет болуп калышы - ушул тарыхый аң-сезимдин муундан муунга өтүшүнө түздөн-түз байланыштуу.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз элинин эркиндиги, көз карандысыздыгы жана бакубат жашоосу үчүн жанын берген бардык баатырларды, элдин келечеги үчүн күрөшкөн жарандарды терең урмат, ыраазычылык жана шүгүрчүлүк менен эскерем.
Кыргыз Республикасы түбөлүк жашасын!
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору,
Профессор Алпаслан Жейлан