Коммуникация факультетинин студенттери эл аралык аренада чоң ийгиликке жетишти


  • 2025-11-07

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Коммуникация факультетинин студенттери 2025–2026-окуу жылын эл аралык кинофестивалдарда жана жарыштарда жетишкен ийгиликтери менен  башташты. Факультеттин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлгөн престиждүү фестивалдарда жетишкен ийгиликтери менен “Манас” университетинин эле эмес  Кыргызстандын да атын эл аралык деңгээлде таанытып, чоң ийгиликтерди жаратышты.

Студенттердин эл аралык деңгээлде  жетишкен ийгиликтери:

Айжамал Мирбек кызы “Алтын Балык” аттуу тасмасы менен Казакстанда өткөн Nomad 2025 Эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты студент тасмасы” сыйлыгын, ал эми 10-Байкоңур Эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты режиссер” сыйлыгын жеңип алды. Ушул эле тасма Түркияда өткөрүлгөн TRT “Келечектин коммуникаторлору” жарышында да баш байгени багындырды.

Айнуска Асанбекова “Атасынын кызы” аттуу тасмасы менен TRT “Келечектин коммуникаторлору ” сынагында атайын сыйлыкка ээ болсо, Саадат Казакбаева “Күүгүмдөгү коңгуроо” аттуу тасмасы менен Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Toji Somon Эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты тасма ” сыйлыгын жеңип алды.

Сауле Мукаңбетова “Үмүт” аттуу тасмасы менен YTB тарабынан уюштурулган V Эл аралык студенттик сыйлыктардын “кыска метраждуу”тасма категориясында экинчи орунду алды. Жаңылай Хамидбай кызы “Чоң Ата” аттуу тасмасы менен Түрк дүйнөсүнүн жергиликтүү маданиятына кошкон салымы үчүн атайын сыйлыкка татыды.

Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында Манастын деми

Түрк дүйнөсүнүн  журналисттер федерациясынын демилгеси менен, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, TÜRKSOY, TDBB, TİKA жана YTBнин колдоосу менен уюштурулган 10-Түрк дүйнөсү даректүү фильм фестивалы 2025-жылдын 22–24-октябрында Анкара шаарында өткөрүлдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен беш студент “Студенттик даректүү фильм” категориясында финалга чыкты. Финалда КТМУнун бүтүрүүчүсү Сейитбек Макелеев “Агым” аттуу тасмасы менен биринчи орунду алса, Гулиза Абдыкамилова “Тоо алдары” аттуу тасмасы менен экинчи орунду багындырды. Ал эми Нурайым Марат кызы “Илхамдын сыры” аттуу тасмасы менен “Түрк дүйнөсү темасындагы фильм” атайын сыйлыгына ээ болду.

InCuFFтан Манаска өзгөчө сыйлык 

2025-жылдын 22–25-октябрында Түркиянын Денизли шаарында өткөн Indigenous Culture Short Film Festival (InCuFF) / Эл аралык жергиликтүү маданият кинофестивалында да Манас университетинин факультети дагы бир чоң ийгилик жаратты.

Фестивалда факультеттин студенти Жанылай Хамидбай кызы “Чоң ата” аттуу тасмасы менен “Калыстар тобунун атайын сыйлыгына” татыктуу болду.

КТМУнун Коммуникация  факультети - түрк дүйнөсүндө таанылган бренд

"Манастын" Коммуникация факультетинин студенттери эл аралык деңгээлдеги жетишкен  ийгиликтери менен Кыргызстандын гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн коммуникация жана кино тармагында таанылган брендге айланууда. Факультет теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштырган заманбап ыкма аркылуу маданий чыгармачылыкты колдогон, эл аралык аренада аты чыккан студенттерди өстүрүүдө.

Кыргыз-Түрк "Манас" университети катары, жетишкен ийгиликтери менен бизге сыймык тартуулаган бардык студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү