Биримдик жана ынтымак күнү: “Манас” университетинде Азербайжандын Жеңиш күнү белгиленди


  • 2025-11-09

2025-жылдын 7-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Азербайжандын Жеңиш күнү сыймык жана кубаныч менен белгиленди. Азербайжандын Карабах согушундагы тарыхый жеңишинин 5 жылдыгына арналган бул иш-чара Азербайжандын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Түрк Мамлекеттери Уюмунун Ак сакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Латиф Сейфаддин уулу Гандилов, Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Түркиянын Бишкектеги Аскер атташеси полковник Толга Такымжы, Өзбекстандын Элчиси Саидикрам Ниязходжаев, Казакстандын Элчиси Рапиль Жошыбаев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстандагы өкүлү Фарид Талышлы, Азербайжан–Кыргызстан Өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы Игбал Бабаев, КТМУнун биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Исмет Алтынташ, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, окутуучулар, Азербайжандан келген коноктор жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Профессор Исмет Алтынташ: “Бул жеңиш – түрк элдеринин адилеттик үчүн күрөшүнүн белгиси”

КТМУнун проректору, профессор Исмет Алтынташ өз сөзүндө Карабахтын 30 жылдык оккупациядан бошотулушуна алып келген тарыхый процесске токтолду. Ал 2020-жылдагы 44 күндүк согуштун жыйынтыгында болгон жеңиштин маанисин белгилеп, бул окуяны бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн жаңы доордун башталышы деп атады.

Профессор Алтынташ өз сөзүндө: “Азербайжан президенти Илхам Алиев Жеңиш күнүн 10-ноябрдан – Ататүрктүн көз жумган күнүнөн, Шушанын бошотулган күнү болгон 8-ноябрга жылдырган. Бул – унутулгус ыраазычылыктын белгиси.” – деди.

Профессор Алтынташ ошондой эле Түркиянын бул процесстеги маанилүү ролун белгилеп: “Президент Режеп Таййип Эрдогандын ‘Азербайжан эч качан жалгыз эмес’ деген сөзү тарыхый мааниге ээ болду. Түркия, үчүнчү тараптардын кийлигишүүсүн алдын алып, бир тууганынын жанында турду.” – деп айтты.

“Бул жеңиш ‘Карабах – Азербайжан’ деген ураанды дүйнөгө таанытты жана түрк элдеринин биримдигин, туруктуулугун чыңдады. Бул – түрк элдеринин дүйнө алдында адилеттик үчүн күрөшүн тастыктаган соңку мисал.” – деп жыйынтыктады.

Элчи Латиф Гандилов: “Карабах жеңиши – 30 жылдык күрөштүн таажысы”

Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Латиф Сейфеддин уулу Гандилов өз куттуктоо сөзүндө: “Бүгүн биз менен бирге болгон ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Эгемендүү өлкөбүздү көрүп турганыма жана бул күндү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген Кудайга жана Президентибизге терең ыраазычылык айтам.” – деди.

Ал 8-ноябрдын Азербайжан тарыхындагы өзгөчө маанисине токтолуп: “Бул жеңиш – 30 жылдык улуттук күрөштүн тарыхый жана унутулгус барагы. Ал биздин келечегибизге үмүт, өткөнүбүзгө урмат тартуулайт.” – деп айтты.

Президент Илхам Алиевдин “Шушага туу тиккен адам – атамдын осуятын аткарды” деген сөзүн эскерип, ага узун өмүр каалады. Элчи Гандилов Түркия жана башка бир тууган мамлекеттердин колдоосуна терең ыраазычылык билдирип: “Бул жеңиш – бир гана Азербайжандын эмес, бардык бир тууган элдердин жеңиши.” – деп жыйынтыктады.

Түркиянын Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем: “Туруктуу тынчтык – бакубат келечектин ачкычы”

Түркия Республикасынын Бишкектеги толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем өз сөзүндө Азербайжан элин жана армиясын куттуктап, шейиттерге урмат, ардагерлерге ыраазычылык билдирди.

Ал 8-августта Вашингтондо Азербайжан менен Армениянын ортосунда жасалган тарыхый кадамды “үмүт жараткан окуя” деп атап, “Туруктуу тынчтык – Кавказ аймагында туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү үчүн өтө маанилүү. Түркия бул процессти ар дайым колдойт.” – деди.

Казакстандын Элчиси Рапил Жошыбаев: “Карабах жеңиши – улуу жана тарыхый окуя”

Казакстандын Элчиси Рапиль Жошыбаев өз кайрылуусунда: “Бир тууган Азербайжан элин чын жүрөктөн куттуктайм. Карабах жеңиши – чыныгы тарыхый жана улуу окуя. Азыр бошотулган аймактарда жүргүзүлүп жаткан кайра куруу иштеринин жыйынтыгын көрүп кубанычтабыз.” – деди.

Ал Казакстандын башынан эле Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн колдогонун белгилеп, эки элди тарыхый жакындык, маданий байланыш жана күчтүү экономика бириктирерин айтты.

Медер Абакиров: “Элдин кайраты жана биримдиги бул жеңиштин негизи”

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакеров өз сөзүндө Азербайжандын Жеңиш күнүн куттуктап, эки элдин карым-катнаштары менен стратегиялык өнөктөштүгү күндөн-күнгө чыңдалып жатканын айтты.

“Жеңиш күнү – бул элдин кайратынын, биримдигинин жана адилеттикке болгон бекем ишениминин символу. Азербайжан акыркы жылдары социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда чоң ийгиликтерге жетишип, дүйнөлүк коомчулукта кадыр-баркка ээ болду.” – деди ал.

Медеткан Шеримкулов: “Бул жеңиш – биздин да жеңишибиз”

Кыргыз Республикасынын Түрк Мамлекеттери Уюмунун Ак сакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов өз сөзүндө: “Карабахтын өз элине кайтып келгенине абдан кубанычтабыз. Карабах – Азербайжандын ажырагыс бөлүгү. Бул жеңишти мен өзүмдүн жеке жеңишим катары кабыл алам. Кыргыз эли, Азербайжан элинин бул кубанычын чын жүрөктөн бөлүшөт.” – деди.

Иш-чара биримдик жана ынтымак руху үстөмдүк кылган өзгөчө мааракеге айланды. Программа Түрк дүйнөсү оркестринин аткаруусундагы обондор, КТМУ студенттеринин бий жана ыр көрсөтүүлөрү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү