2025-жылдын 6–8-ноябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору менен Анкара коомдук илимдер университетинин Түндүк Кипр кампусу биргелешип уюштурган V “Манас” форуму АКИУнин Түндүк Кипр кампусунун жыйындар залында ийгиликтүү өттү.
Форумдун негизги темасы “Аймактык жана глобалдык өнүгүүлөрдүн алкагында Түрк дүйнөсү аттуу эл аралык конференция” деп аныкталды. Конференциянын ачылыш аземи Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенттик комплексинде өткөрүлдү.
Форумга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Туфан Эрхүрман, Түркия Республикасынын Лефкошадагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Мурат Башчери, ТКТРнын Курулуш жана транспорт министри Эрхан Арыклы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан, АКИУнин Түндүк Кипр кампусунун ректору, профессор Энвер Арпа, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, КТМУнун Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борборунун директору, профессор Насух Услу, окутуучулар, студенттер жана көп санда катышуучулар катышты.
Форумдун ачылыш аземинде сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, форумдун жыйынтыктары теориялык деңгээлде гана калбастан, практикалык деңгээлде да өз ордун табарына ишенерин белгиледи. Профессор Чапак иш-чарага салым кошкон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, форумдун ийгиликтүү аякташын каалады.
Ректор Жейлан: “Манас” университети жөн гана билим берүү мекемеси эмес, чечим чыгара алган философия борбору болуп саналат.”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түндүк Кипр Түрк Республикасында өткөн “Манас” форумунун 5-жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүндө “Манас” университети жөн гана билим берүү мекемеси эмес, ошондой эле улуттук, аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган философия борбору экенин баса белгиледи.
Профессор Жейлан алгач 2021-жылы Анталья дипломатиялык форумунун алкагында өткөрүлгөн “Манас” форуму кыска убакыттын ичинде аймактык жана глобалдык деңгээлде таанылган академиялык платформага айланганын белгиледи.
“Жаңы Евразия концепциясы академиялык чөйрөгө багыт берүүдө”
Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө Евразиянын геосаясий маанисине да токтолуп, глобалдык күч балансы акырындык менен Азия-Тынч океанына карай жылып жатканын белгилеп: “Бүгүнкү эл аралык системадагы күчтөрдүн өтүүсүнүн негизинде Евразия турат. Бул абал бизге “Жаңы жана кандай Евразия?” деген суроону коюуда. Түрк дүйнөсүнүн бул жаңы геосаясий теңдөөлөрдө өз үнүн таасирдүү түрдө угузуу үчүн биргелешип иш аракет кылышы абдан маанилүү.”
Ректор Жейлан: “Жаңы Евразия концепциясы глобалдык күч баланстарын кайрадан калыптандырууда.”
КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө глобалдык күч балансынын Европа-Атлантика океан аймагынан Азия-Тынч океан аймагына жылып жатканын белгилеп, бул өзгөрүүнүн өзөгүндө Евразия турганын баса белгиледи.
Ректор, профессор Жейлан: “Бул күчтөрдүн өтүшү бизге “Жаңы жана кандай Евразия?” деген суроону коёт. Континенттин Азия тарабындагы өнүгүүлөрү глобалдык атаандаштыктын келечеги үчүн чоң мааниге ээ”, - деп, “Манас” форуму алкагында уюштурулган “Аймактык жана глобалдык өнүгүүлөрдүн алкагында Түрк дүйнөсү аттуу эл аралык конференциясы” бул процессти талдоо жана Түрк дүйнөсүндө кызматташтыкты күчөтүү үчүн маанилүү платформа экенин баса белгиледи.
Ректор Жейлан: “Түрк дүйнөсүндөгү биримдик жана өз ара кызматташтык келечекке үмүт берүүдө”.
Профессор Жейлан өз сөзүндө Түрк дүйнөсүндө жалпы иденттүүлүк жана кызматташтык түшүнүгү күчөп жатканын баса белгилеп, Борбор Азияда Орусия жана Кытайдын таасирдүү уюмдары менен катар, жалпы түрк иденттүүлүгү жана жалпы Борбор Азия иденттүүлүгүнүн негизинде өнүгүп жаткан аймактык демилгелердин келечек үчүн үмүт берээрин белгиледи. “Түрк дүйнөсүндө пайда болгон бул кызматташтык жана институттук структуралардын акырындык менен күчөшү келечекке бизди үмүттөндүрөт. Гаспыралы Исмаилдин ‘Тилде, ойдо, иште биримдик’ түшүнүгүнүн конкреттүү кадамдар менен ишке ашырылып жатканын көрүү кубандырат”, - деди ал.
Профессор Жейлан конференция Түрк дүйнөсүндө интеграция, кызматташтык жана чечимге багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенерин белгилеп, иш-чарага салым кошкон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, форумдун ийгиликтүү аякташын каалады.
Программа алкагында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк дүйнөсү менен академиялык кызматташтык жана маданий интеграция жаатындагы баалуу эмгектери үчүн Анкара комдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжанга “КТМУнун 30 жылдык кызмат медалын” тапшырды.
Салтанат учурунда профессор Жейлан профессор Арыжандын Түрк дүйнөсүнүн жалпы илимий жана маданий мурастарына кошкон салымдарынын маанисине токтолуп, бул сыйлыктын боордоштук жана жалпы максаттарга багытталган академиялык кызматташтыктардын символу экенин белгиледи.
Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан алган бул маанилүү сыйлыктын Түрк дүйнөсүнүн жалпы илимий, философиялык жана маданий биримдигине берилген баанын конкреттүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Профессор Арыжан Түрк дүйнөсүнүн жогорку окуу жайлары арасындагы тилектештиктин маанисине токтолуп, жалпы академиялык баалуулуктарды келечек муунга өткөрүүдө университеттерге чоң жоопкерчилик жүктөлөөрүн билдирди.
V “Манас” форуму актуалдуу темаларды карап чыгуу үчүн онлайн жана офлайн отурумдар менен өткөрүлдү. Форумдун алкагында геосаясий бурулуштар, жаңы күч баланстары, коопсуздук стратегиялары, экономикалык жана энергетикалык байланыштар, дипломатия, маданий кызматташтык жана коомдук трансформация сыяктуу темалар боюнча көптөгөн илимий баяндамалар сунушталды.
Ошондой эле катышуучулар Түрк Мамлекеттери Уюму жана жаңы дүйнөлүк тартип, аймактык күчтөрдүн кагылышы, маданий мурас жана иденттүүлүк куруу, тил саясаты сыяктуу чөйрөлөрдө пикирлери менен бөлүшүп, Түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхы жана маданий баалуулуктарына жол ачты.
Иш-чара эл аралык деңгээлдеги жолугушуу катары Түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхына, маданий мурасына жана академиялык кызматташтыгына маанилүү салым кошту.