Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, улуу жолбаштоочу Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайткандыгынын 87 жылдыгына карата Бишкектеги Ататүрк паркында Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги тарабынан гүлчамбар коюу аземи өткөрүлдү.
Аземге; Түркия Республикасынын Бишкектеги толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, элчилик кеңешчилери жана кызматкерлери, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, университеттин жетекчилери жана студенттери, Бишкек билим берүү кеңсесине караштуу мектептердин мугалимдери жана окуучулары, ТКТР (Түндүк Кипр Түрк Республикасы) Бишкек өкүлчүлүгү, Режеп Таййип Эрдоган Бишкек Кыргыз-Түрк Достук Ооруканасынын башкы дарыгерлиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA), Түркия-Кыргызстан ишкерлер ассоциациясы (TÜKİD), Маариф фонду жана Кыргызстандын Ахыска түрктөрү биримдигинин өкүлдөрү менен басма сөз кызматкерлери катышты.
Азем Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Алгач Түркия Республикасынын Бишкек элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем элчилик атынан Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюп, сый көрсөттү. Андан соң ТРТК Бишкек өкүлчүлүгү, Кыргыз-Түрк “Манас” университети ректорлугунун өкүлчүлүгү, Режеп Таййип Эрдоган Бишкек Кыргыз-Түрк Достук Ооруканасы башкы дарыгерлиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги, Түркия-Кыргызстан ишкерлер ассоциациясы, Маариф фонду жана Кыргызстандын Ахыска түрк дини өкүлдөрү өздөрүнүн гүлчамбарларын коюшту.
Улуу башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн жана баатыр жоокерлерибизди сиренанын коштоосунда эки мүнөттүк эскерүү болуп, андан соң Түркиянын гимни аткарылды.андан соң бардык катышуучулар менен биргеликте Мамлекеттик гимн аткарылды.
Аземден кийин Түркия Республикасынын Бишкектеги толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем сөз сүйлөп, улуу башчы Мустафа Кемал Ататүрктү урмат жана ыраазычылык менен эскергендиктерин билдирди.
Элчи Өкем сүйлөгөн сөзүндө: “Бүгүн 10-ноябрь; Улуу башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнө салганына 87 жыл болду. Улуу Ататүрк, идеалдары, ойлору жана бизге калтыргандары менен дайыма жаныбызда болот. Ал көрсөткөн заманбап цивилизация жолунда туруктуу өнүгүп, жаңыланган Түркияны максат кылышыбыз керек,” – деди.
Ататүрктүн жетекчилиги менен жүргүзүлгөн Куткаруу согушу жана андан кийин жасалган реформалардын маанисине токтолуп, Элчи Өкем: “Улутчул, мекенчил, адилет, эмгекчил жана максаттуу муундар катары Ататүрктү эскергенде, анын оор шарттарда көрсөткөн аскердик жана саясий гениалдуулугун, реформаларын жана заманбап өлкө түзүү аракетин түшүнүшүбүз керек,” – деп белгиледи.
Сөзүндө Ататүрктүн тил, тарых жана маданиятка көрсөткөн маңызына да басым жасап, Элчи Өкем: “Мустафа Кемал Ататүрк, Республика башталган жылдарда Түрк тил жана тарых институттарын түзүп, улутубуздун келечегин камсыз кылган. Анын жетекчилиги менен бардык тармактарда өзүн өзү камсыздай алган өлкө болуу жолунда чоң өнүгүү күчү башталган. Биз да илимде, технологияда, маданиятта жана искусстводо өсүп, Ататүрктүн көрсөткөн максаттарына жетүүнү улантабыз,” – деди.
Элчи Өкем сөзүн: “Улуу жолбашчы Мустафа Кемал Ататүрктү, баатырларыбызды жана дүйнөдөн кайткан жоокерлерибизди урмат, ыраазычылык жана сый менен эскеребиз,” – деп жыйынтыктады.
Азем эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.