КТМУда Ахыска түрктөрүнүн сүргүнү эскерилди: 81 жылдан бери уланып жаткан биримдик жана колдоо


  • 2025-11-14

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) жана Кыргызстан Ахыска Түрктөрү жаштары биримдиги тарабынан уюштурулган «1944-жыл 14-ноябрь Ахыска түркөтөрүнүн сүргүнү эскерүү программасы» болуп өттү.

КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз Республикасы Түрк мамлекеттери уюму аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, Түркия Республикасынын Бишкектеги толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустaфа Кемал Өкем, ТКТР (Түндүк Кипр Түрк Республикасы) Бишкек өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ТИКАнын Бишкектеги координатору Мехмет Бодур, Түрк кызыл айы Борбор Азия делегациясынын төрайымы Севде Нур Сөйлемез, Кыргызстан Ахыска Түрктөрү ассоциациясынын төрага орун басары Бекзада Алиев жана көптөгөн академиктер, студенттер жана меймандар катышты.

Программада Ахыска шаарындагы тарыхый имараттар жана мечиттерди камтыган сүрөттөр көргөзмөсү катышуучуларга көрсөтүлдү. Катышуучулар сүргүн процессин жана Ахыска түркөтөрүнүн Кыргызстанга келишин баяндаган эки документалдык фильм көрүшү. Ошондой эле үч бөлүктөн турган «Ахыска түркөтөрүнүн сүргүнү» аттуу театр спектакли көрсөтүлүп, 1944-жылы 14-ноябрь түнү Ахыска түрктөрүнүн башынан өткөргөн трагедиялык сүргүн процесси жана Ахыска түрктөрүнүн кыргыз эли менен биринчи жолу жолугуусу таасирдүү сахналар менен чагылдырылды.

«Ахыска түрктөрү 1944-жылы мекендеринен ажыратылды»

Түркия Республикасынын Бишкектеги толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустaфа Кемал Өкем программада сүйлөгөн сөзүндө, Ахыска түркөтөрүнүн 1944-жылы мекендеринен ажыратылганын эскерип: “Бүгүн сүргүндүн 81 жылдыгында өмүрүнөн ажырагандарды ырайым менен эскеребиз. Жараткан аларга бейишинен орун берсин,” – деди.

Элчи Өкем уюштурулган иш-чаранын максаты өткөндөгү азаптарды эстөө эмес, бирок эстеп калууну жана тарыхты сактоону камсыз кылуу экенин белгилеп, Ахыска түркөтөрүнүн окуясы, биринчи кезекте кыргыз эли үчүн, ошондой эле бардык түрк эли үчүн орток тарых экенин айтты.

Ахыска түрктөрү бардык кыйынчылыктарга карабастан тилин, маданиятын жана улуттук өзүнчөлигин сактап калуу туруктуулугун байкаганын белгилеген Элчи Өкем: “Ахыска түрктөрү биримдикке жана ынтымакка, эмгекчилдикке жана чыдамкайлыкка берилип, турмушта ийгиликке жетишкен. Бул мүмкүнчүлүктү бергени үчүн Кыргыз элине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына ыраазычылык билдирем,” – деп сүйлөдү.

Сөзүнүн аягында Түркия буга чейин болгондой, мындан ары да Ахыска түрктөрүнүн жанында болорун, карым-катнаш жана достук байланыктарын бекемдеп улантарын белгиледи.

«Ахыска түрктөрү Анадолу түрктөрүнүн бир бөлүгү»

Кыргыз Республикасы Түрк мамлекеттери уюму Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов сөзүндө: “1944-жылы Ахыска түрктөрүнүн Кыргызстанга келиш учурундагы эскерүүлөргө токтолуп, кыргыз жерлеринин түрктөр үчүн ыйык, кыргыздар үчүн болсо «алтын бешик»”,- экенин белгиледи.

Шеримкулов: “Кыргыз эли силерди тосуп алды, колун сунду, жерин берди жана акыркы нанын деле бөлүштү. Аллахтын буйругу менен бүгүнкү күнгө жеттик,” – деди.

Кыргыз-Түрк кызматташуусунун күчтүү символу болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бар экендиги чоң сыймык экенин баса белгилеп, сөзүнүн аягында эки элдин терең тамырлуу туугандык байланышын эске салды.

Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев: «Эч бир эл мындай оор күндөрдү көрбөсүн»

КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө Ахыска түрктөрүнүн сүргүн процесстерине көңүл буруп, тарыхый байланыштардын маанилүүлүгүнө токтолду.

Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев: “Биз кыргыз эли, Ахыска түрктөрү жашагандай чоң сүргүн көрбөсөк дагы, тарых бою миграция жана кыйынчылыктар менен беттештик. Көп адамдар ата-энесин, жакындарын, туугандарын жоготту жана өз каалоосуна каршы мекендеринен айырылды,” – деди.

Сөзүнүн уландысында сүргүнгө дуушар болгон коомчулуктардын Кыргызстанга кошкон салымдарына токтолгон Ибраев: “Мен билгендей, Ахыска түрктөрү бардык кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстанга чоң салым кошушкан. Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө берген колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Тилегим – эч бир эл дагы мындай оор күндөрдү көрбөсүн,” – деп билдирди.

Ошондой эле доцент Ибраев университеттин көп улуттуу түзүлүшүнө көңүл буруп, коомдук биримдиктин маанилүүлүгүн белгиледи: “Кайсы тилибизди сүйлөсөк дагы, кайсы маданиятка тиешелүү болсок дагы, бири-бирибизге урмат жана сүйүү менен мамиле кылышыбыз керек. Мамлекетибизди, адамгерчилик, ыймандуулук жана аалымдуулук менен келечекке алып чыгышыбыз зарыл,” – деп сөзүн жыйынтыктады.

Программада сөз сүйлөгөн Ахыска түрктөрү ассоциациясынын төрага орун басары Бекзада Алиев да өзүнүн сезимдерин айтып, “81 жыл мурунку сүргүн биздин баарыбыз үчүн өтө кыйын учур болгон. Аталарыбыз чоң кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Бүгүн жаштарыбыздын мындай мыкты университетте окушу – биз үчүн чоң сыймык. Ахыска түрктөрү 81 жылдан бери Кыргызстанда жашайт; бул чындыгында узак өмүрдүн далили. Тилегим – ушундай оор күндөр кайра кайталанбасын жана келечегибиз андан да жарык болсун,” – деди.

Программа эстеликке жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/f6gjmP-ZPgs?si=rADMPVQaJK_H_ZLE

    Социалдык медиада бөлүшүү