Бишкек шаарында ТҮКИДдин жаңы кеңсеси ачылды


  • 2025-11-17

2025-жылдын 17-ноябрында Түрк–Кыргыз Ишкерлери, Маданият, Тилектештик жана Достук Биримдигинин (ТҮКИД) жаңы кеңсесинин ачылыш аземи Бишкек шаарында болуп өттү.

Ачылышка Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, ТКТРнын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ, башкы катчы, док. Фатих Рамазан Истанбуллугил, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин программалык координатору Мехмет Бодур, MÜSİAD Кыргызстандагы төрагасы Суат Акпынар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн мүчөлөрү катышты.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, ТҮКИД биримдиги 2020-жылы түзүлгөндөн бери Кыргызстандагы ишкерлерди бириктирип гана койбостон, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө да чоң салым кошуп келе жатканын белгиледи. Элчи Өкем: “Кымбаттуу ишкерлер, эмгегиңиздер жана бүгүнкү күнгө чейин жасаган ийгиликтүү иштериңиздер үчүн силерге ыраазычылык билдирем. Силер менен сыймыктанабыз”, — деди.

Өз сөзүндө ал ТҮКИД мүчөлөрү каржы, саламаттыкты сактоо, туризм, тоо-кен, транспорт жана өндүрүш сыяктуу Кыргызстандын экономикасынын өзөгүн түзгөн тармактарда иш алып барып жатканын баса белгиледи. Бул компаниялардын инвестициялары, өндүрүштөрү, жумуш орундарын түзүүсү жана кыргыз өнөктөштөрү менен түзгөн бекем кызматташуулары эки өлкө ортосундагы экономикалык мамилелерди чыңдап жатканын айтты. Элчи Өкем: “Ишкерлерибизди, уюмдарыбызды жана ТҮКИДдин ишмердүүлүгүн алдыдагы мезгилде да колдоп турууну улантабыз. Бул жаңы кеңсе силердин ишиңерди жеңилдетип, жаңы инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн түзөрүнө жана Түркия–Кыргызстан экономикалык өнөктөштүгүнө салым кошоруна чын дилимден ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктады.

Элчи Мекин Мустафа Кемал Өкемден кийин сөз алган ТҮКИДдин төрагасы Уфук Инже биримдик түзүлгөн күндөн тартып Түркия–Кыргызстан мамилелеринин чыңдалышына салым кошууну башкы максат катары белгилеп келерин айтты. Ал өз сөзүндө: “Жаңы офисибиз ишмердүүлүгүбүздү дагы таасирдүү, натыйжалуу жана туруктуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул ачылган кеңсе жөн гана иш орду эмес; түрк жана кыргыз ишкерлеринин жолугуп, биргелешкен долбоорлор түзүлүп, достук көпүрөлөрү курулуучу борбор болот”, — деди.

Төрага Инже жаңы кеңсе эки өлкө ортосундагы экономикалык, соода жана маданий байланыштардын мындан ары да өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө үмүт кылып, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

ТҮКИДдин жаңы кеңсесинин ишке кириши эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ишкердик байланыштарды өркүндөтүү жана маданий алакаларды бекемдөө багытында маанилүү кадам катары бааланды.

Жаңы кеңсе ар түрдүү долбоорлорду, бизнес-форумдарды, маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу аянтча болуп кызмат кылмакчы. Бул кеңсенин ачылышы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин жана өз ара кызматташуунун жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын тастыктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү