КТМУ Спорт илимдер факультетинде "Кош келиңиз биринчи курс жана Ант берүү" аземи өткөрүлдү


  • 2025-11-18

18-ноябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Спорт илимдер факультети  "Кош келиңиз биринчи курс жана Ант берүү" аземи өткөрүлдү.

Касым Тыныстанов атындагы Конференция залында өткөн иш-чарага КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Исмет Алтынташ, Спорт илимдер факультетинин деканы профессор Жыпаркул Абдырахманова, ар кайсы спорт тармагында  ийгиликтерге жетишкен спортчулар, окутуучулар жана көптөгөн студенттер катышты.

"Силер "Манас" университетинин өкүлүсүңөр"

Иш-чараны ачуу сөзүн баштаган КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: "Силер мындан ары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өкүлү болосуңар. Кайсыл жакка барбагыла силерди Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти  деп тааныйт. Силер өзүңөрдү кандай алып жүрсөңөр ошого карап бизге баа берет. Ошондуктан баарыңыздардан сураныч Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин наамын татыктуу, жогорку деңгээлде алып жүргүлө!  Бир гана Кыргызстанда эмес  коңшу өлкөлөдө Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Түркияда спорт жаатында болобу башка жаатта болобу иш-чараларга катышасыңар. Ошол жерде да биздин желегибизди желбиретип, татыктуу алып жүргөнгө аракет кылгыла” – деп айтты.

Доцент Ибраев университетти жөнөкөй мекеме эмес, ыйык билим жайы катары көрүүгө чакырып, "Университетти ыйык жайдай карашыбыз керек. Университет – убакыт өткөрүү же диплом алуу үчүн эмес, чыныгы билим алуу үчүн бар. Билим жана илим – жашоодогу эң ыйык баалуулуктар, пайгамбарлардан калган эң маанилүү мурас", – деп кошумчалады.

Андан сырткары, спорттун тек гана денени чыңдоо эместигин да белгилеп, "Спорт бир гана денени чыңдоо эмес - бул жашоо образы. Спорт аркылуу адам өзүнүн жүрүм-турумун, мүнөзүн, эркин чыңдайт, сабырын сынайт. Силер спорт жаатындагы студенттерсиңер башкаларга үлгү болгула. Өзүңөрдүн жүрүм-турумуңарга, адеп-ахлагыңарга өтө аярлуу мамиле кылгыла. Биз өзгөчө университет катары силерди колдойбуз!. Силерге жакшы шарт түзүү үчүн колубуздан келгендин бардыгын кылып жатабыз. Баарыңарга ийгилик каалайм!", – деп сөзүн аяктады.

Профессор Алтынташ: Зирек, ыкчам жана адептүү спортчуларды өстүрөбүз

Проректор профессор Исмет Алтынташ өткөн жылы даярдык курсун аяктап, кампуска жана Спорт илимдер факультетине кадам таштаган студенттерди куттуктап, жакшы тилектерин айтты.

Профессор Алтынташ КТМУнун, өзгөчө спорт тармагында, күчтүү инфраструктурага ээ экенин белгилеп, Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн "Мен зирек, ыкчам, адептуү спортчуну жакшы көрөм" деген сөзүн эске салды. "Силер да зирек, ыкчам жана адептүү болуп, бул жерден окууну аяктап, эң башкысы Кыргызстанга жана бүткүл Түрк дүйнөсүнө кызмат кыласыңар деп ишенем", – деди.

Ал жакында Спорт илимдер факультети тарабынан уюштурулган салттуу спорттук оюндарды эске салып, студенттер ата-бабалардын мурасын сыйлап, Манас Атадан жана Коркут Атадан калган көптөгөн салттуу оюндардын маданияттагы ордун жана күнүмдүк турмуш менен байланышын аянтта күчтүү көрсөтүшкөнүн айтты.

Студенттер КТМУ үй-бүлөсүнүн баалуу бөлүгү экенин белгилеген профессор Алтынташ: "Кар эң жакшы Ала-Тоого, Ала-Арча суусунун тунуктугу Бишкекке кантип ылайык келсе, жарашса тоолордон гүлдөр ачылган кыштактарга кантип кооздук кошсо, силер да университетибизге ошондой жакшы жарашып турасыңар", – деди.

"Спорт илимдер факультетине кош келиңиздер"

Спорт илимдер факультетинин деканы профессор Жыпаркүл Абдырахманова өз сөзүндө иш-чарага катышканына кубанычын айтып, "Бүгүн факультетибиз үчүн өтө өзгөчө күн. Үй-бүлөбүзгө жаңы энергия жана жаңы муун кошулуп жатат. Бул силердин жашооңордо жаңы доордун башталышы", – деди.

Факультетти эрдик, тартип, эмгек жана биримдик жайы катары белгилеген декан: "Спорт илимдер факультети илимий билим менен спорттук ийгиликти айкалыштырган борбор. Бул жерде өзүңөргө ишенүүнү жана белгилеген максаттарыңарга жетүүнү үйрөнөсүңөр", – деди.

Декан ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн улуттук жана эл аралык ийгиликтерине токтолуп, "Бул ийгиликтүү салтты сактоо эми силердин колуңарда. Окутуучуларга урмат көрсөтүп, досторуңарды колдоп, өзүңөрдү үзгүлтүксүз өнүктүргүлө. Спорт илимдер факультетинин үй-бүлөсүнө кош келиңиздер", – деп сөзүн аяктады.

Сүйлөө сөздөрүнөн кийин биринчи курстун студенттерине символикалык түрдө "Билим ачкычы" жана "Спорт ачкычы" тапшырылды. Студенттер андан соң маанилүү салтанатта ант берип, биримдик жана ынтымак рухун бекемдешти.

Иш-чарада студенттер ар кандай спорттук ийгиликтерге жетишкен чемпиондор менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле өткөн окуу жылында спорттук мелдештерде ийгиликке жеткен студенттерге сыйлыктар тапшырылды.

Программа концерттен кийин жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү