"Манастын 30 жылдыгы – 30 сүрөтчүнүн кыл калеми менен" аттуу сүрөт көргөзмөсү көрүүчүлөргө тартууланды


  • 2025-11-19

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) Көркөм өнөр факультети университеттин 30 жылдык мааракесин маданият менен көркөм өнөрдү бириктирген өзгөчө көргөзмө менен белгиледи. «Манастын 30 жылдыгы: 30 сүрөтчүнүн кыл калеми менен» аттуу эл аралык сүрөт көргөзмөсү 19-ноябрда Курманжан Датка атындагы Көркөм өнөр галереясында ачылды.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Азербайжан Республикасынын Бишкектеги Элчиси Лятиф Сейфаддин оглу Гандилов, ТКТРнын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Октай Өзгүл, Түркиянын Бишкек элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, Бишкек Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын башкы дарыгери Адлан Олсун, Чыңгыз Айтматовдун кичүү уулу Элдар Айтматов, түрк дүйнөсүнөн келген сүрөтчүлөр, окутуучулар, студенттер, өнөр сүйүүчүлөр жана журналисттер катышты.

"Манас университети — Түрк дүйнөсүндө кадыр-барктуу орду бар билим уясы"

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан "Манас" университетинин Түрк дүйнөсүндө өзгөчө орунга ээ экенин белгиледи. Профессор Жейлан Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн "Баары боло аласың, бирок сүрөтчү боло албайсың!"- деген сөзүн эскертип, өнөрдүн элдерди жакындаткан күчүн баса белгиледи.

Ректор Жейлан Түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген таланттуу сүрөтчүлөрдүн 30 жылдык мааракеге карата Курманжан Датка галереясында чогулушу чоң мааниге ээ экенин айтты. Ал 30дан ашуун сүрөтчү "Манастын" 30 жылдык руханий жана маданий мурасын өнөрдүн дүйнөлүк тили менен түшүндүрүп жатканын кошумчалап, чыгармачыл салымы үчүн бардык сүрөтчүлөргө ыраазычылык билдирди.

"Бул көргөзмө — Түрк дүйнөсүнүн орток байлыгы"

КТМУ Көркөм өнөр факультетинин деканы профессор Мехмет Өзкаржы өз сөзүндө иш-чаранын Түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө маанисин белгилеп: "Бул көргөзмө — Түрк дүйнөсүнүн орток көргөзмөсү. Бүгүн Исмаил Гаспыралы мындан 150 жыл мурда айткан ‘Тилде, пикирде, иште биримдик’ чакырыгынын иш жүзүндө аткарылып жатканына күбө болуп жатабыз", — деди.

Профессор Өзкаржы Түркиядан, Азербайжандан, Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Казакстандан келген дүйнөгө белгилүү сүрөтчүлөрдүн бул иш-чарага катышуусу чоң сыймык экенин айтып, көргөзмөнү даярдоого колдоо көрсөткөн ректор, профессор Алпаслан Жейланга жана баардык сүрөт чеберлерине ыраазычылык билдирди.

Көргөзмө КТМУнун 30 жылдык тарыхын, руханий мурасын жана Түрк дүйнөсүнүн орток түстөрдүн, чиймелердин жана элестетүүнүн сыйкырдуу тили менен чагылдырды. 
Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандан келген 30 сүрөтчүнүн эмгектери "Манас" университетинин тарыхын ар бир сүрөтчүнү өзүнө таандык стили менен көрүүчүлөргө тартуулады.

Иш-чаранын алкагында ректор, профессор Алпаслан Жейлан КТМУ Сенат залында сүрөтчүлөр менен жолугушту.
Ал өз сөзүндө "Манас" университети жөн гана билим берүү мекемеси эмес, Түрк дүйнөсүнүн маданий эс тутумун сактап, келечекке алып барган маанилүү миссияны аткарып келе жатканын белгилеп: "Манас университети ачылган күндөн бери Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын чыңдап, өнөр менен илимдин бириктирүүчү күчүн жашатып келет" — деди.

Профессор Жейлан ар кайсы өлкөдөн келген сүрөтчүлөрдүн көргөзмөгө катышуусу университеттин эл аралык деңгээлин дагы да күчөткөнүн белгилеп, бул маанилүү жолугушууга салым кошкон бардык сүрөтчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Сүрөтчүлөр өз сөздөрүндө ар бир тартылган сүрөт "Манастын" 30 жылдык жолун, өткөн менен бүгүндү бириктирген маданий көпүрөнү жана Манас рухунун дүйнөлүк чагылууларын алып жүргөнүн айтышты. Алардын айтымында бул көргөзмө жөн гана өнөр көргөзүү иш-чарасы эмес, Түрк дүйнөсүнүн орток руханий байлыгын чыгармачылык менен бириктирген өзгөчө платформа экенин белгилешти.

 

Manas TV Haberleri:

https://youtu.be/uCDrgxWkjyw?si=6ogS_74IhPGg06eQ

https://youtu.be/enWUre4T4J0?si=jsjEIyc5-XLgjJnR

Manas TV Programı:

https://youtu.be/diYI8_f3LI8?si=BK4xJU13DaA-I8Va

    Социалдык медиада бөлүшүү