Өзбекстандын Андижан Айыл чарба жана агротехнология институтунун Мал чарба жана ветеринария бөлүмүнөн келген делегация — доктор Вахидов Хабибулло Хомитжон уулу, профессор Базаров Мурат Ахмаджонович жана профессор Собиров Илхомжон Абдуллаевич 2025-жылдын 19-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейланга сый мамиле иретинде сапар жасашты.
Жолугушууда студент жана окутуучулардын алмашуу программалары, практикалык стажировкалар, биргелешкен илимий макалалар, ошондой эле эл аралык конгресс жана симпозиумдарды бирге уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан делегациянын сапарына болгон кубанычын билдирип, КТМУнун Ветеринария факультетинин заманбап лабораториялары, технологиялык базасы жана жогорку сапаттагы билим берүү курамы жөнүндө маалымат берди. Ал ветеринария факультети аймактагы эң өнүккөн билим берүү борборлорунун бирине айланганын белгиледи.
Сапардын жүрүшүндө коноктор Ветеринария факультетин кыдырып, 18–20-ноябрь күндөрү өткөрүлүп жаткан илимий иштер менен таанышты. Факультеттин лабораториялары, практикалык аянтчалары жана технологиялык жабдуулары чоң кызыгуу жаратты. Үч күндүк программада делегациянын мүчөлөрү өз тармактарына байланыштуу лекция окуп, студенттер менен жолугушту. Ошондой эле факультеттин окутуучулук курамы менен болгон жолугушууларда келечектеги ыктымалдуу биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Сапар эки окуу жайдын ортосундагы академиялык кызматташтыкты дагы да бекемдөөгө салым кошоору белгиленди.