2025-жылдын 20-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан MANAS E-LAB долбоорунун ачылыш жыйыны болуп өттү.
Жыйынга: КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, док. Фатих Рамазан Истанбуллугил, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Октай Өзгүл, КР Улуттук Erasmus+ офисинин координатору Гүлнара Исакова, Erasmus+ офисинин өкүлү Нургүл Касенова, долбоордун өнөктөштөрү — Нарын мамлекеттик университети, Испаниянын Сан Хорхе университети, Измир Катип Челеби университети жана Жаратмачыл Индустриялар ассоциациясынын өкүлдөрү менен журналисттер катышты.
Иш-чара КТМУнун таанытуу тасмасы менен башталды.
“Бул долбоор эки өлкөнүн боордоштук көпүрөсүн чыңдайт”
Ачылыш сөзүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан, MANAS E-LAB долбоорунун эл аралык кызматташуу жана академиялык чөйрө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал өз сөзүндө: “Теңир-Тоонун этегинде ушундай маанилүү жыйын өткөрүп жатканыбызга чоң кубанычтабыз. «Манас» университети — Түркия менен Кыргызстандын орток максаттарынын негизинде түзүлгөн боордоштук долбоору. Эки өлкө ортосундагы достук мамилени чыңдоого багытталган биргелешкен аракеттерибиз ар дайым жыйынтык берүүдө. Университетибиздин дүйнөдөгү алдыңкы миң университеттин катарына кириши да ушул бирдиктүү визиондун эл аралык деңгээлде таанылганын далилдейт,” — деди.
Ректор ошондой эле эл аралык долбоорлор КТМУнун академиялык экосистемасына жаңы дем берип жатканын баса белгиледи. “36 айга созула турган бул чоң долбоордун ийгиликке жетерине ишенем. Эмгек кылган бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем,” — деп сөзүн жыйынтыктады.
“Бул биз үчүн сыймык жана жоопкерчилик”
КТМУнун биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, долбоордун университет үчүн стратегиялык маанисине токтолуп: “Мындай чоң долбоорду сиздер менен бирге баштап жатканыбыз биз үчүн чоң сыймык. Эл аралык иш-аракетке кошулуу — бул чоң урмат жана жоопкерчилик. Бул биринчи долбоорубуз, бирок акыркысы болбойт деп ишенем. Жогорку билим берүү тармагы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат, ал эми бул долбоор студенттерибиздин билимине жана кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошот,” — деди.
“MANAS E-LAB – мезгилдин талаптарына жооп берген долбоор”
КТМУнун проректору, профессор Камалбек Карымшаков өз сөзүндө: “Бул долбоорду ишке ашырып жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Билим берүү менен өндүрүштү бириктирүүгө шарт түзгөн бул платформа университетибиз үчүн маанилүү башталыш. Кызматташтыгыбыз 36 айлык долбоордун гана чегинде калбай, мындан ары да улана берсин,” — деп белгиледи.
“Жаштардын потенциалы абдан жогору”
Измир Катип Челеби университетинин профессору Серхат Бурмаоглу КТМУдагы жаштардын чоң потенциалы бар экенин айтып: “Бул жакта көп жаштар менен иштештим, алардын деми жана идеялары абдан күчтүү. Көпчүлүк студенттер чет өлкөгө иштөөгө кызыгат, бирок аларга өз өлкөсүндө да мүмкүнчүлүк түзүлсө, бул чоң артыкчылык болуп берет. Төрт жыл мурун биз жөнүндө алгачкы студенттик стартап клубун түздүк, бир катар иш-чараларды өткөрдүк. MANAS E-LAB долбоору бул тажрыйбаларды дагы чыңдайт,” — деди.
“26 долбоордун ичинен тандалып алынганы — чоң жетишкендик”
КР Улуттук Erasmus+ офисинин координатору Гүлнара Исакова: “ЖОЖдор ортосундагы атаандаштык абдан күчтүү. Жалпы 26 сунуштун ичинен болгону 5 долбоор тандалды. «Манас» университетин жана өнөктөштөрдү ушул жетишкендик менен чын жүрөктөн куттуктайм,” — деди.
Иш-чара MANAS E-LAB долбоорунун негизги координаторлорун тааныштыруу жана эстеликке жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды. Долбоор студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүнү, стартап жана ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү, ошондой эле эки өлкө ортосундагы академиялык кызматташтыкты бекемдөөнү максат кылууда.