2025-жылдын 21-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Азербайжан Республикасынын Эл артисти, сүрөтчү жана профессор Рефик Азизди кабыл алды.
Университеттин 30 жылдык мааракесинин алкагында көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган “Манастын 30 жылдыгы – 30 сүрөтчүнүн кыл калеми менен” аттуу эл аралык көргөзмөгө кошкон зор салымы үчүн профессор Рефик Азиз университеттин 30 жылдык медалы менен сыйланды.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан профессор Рефик Азизге университеттин 30 жылдык медалын тапшырып, “Манас” университетинде искусствонун жана өнөрпоздордун орду маанилүү экенин баса белгиледи. Маданий жана көркөм чыгармачылыкты колдогон ар бир иш-аракет университет үчүн өзүнчө баалуулукка ээ экенин айткан профессор Жейлан мындай салымдар илим жана өнөр дүйнөсүнө маанилүү жетишкендиктерди тартуулай турганын белгиледи. Жолугушуу бирге эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.