Улуттардын келечегин калыптандырган эң маанилүү күч — жакшы тарбияланган муундар жана аларды тарбиялаган мугалимдер. Мугалимдик — жөн гана билим берүү эмес, коомго багыт берүү, баалуулуктарды куруу жана адамды адамга аманат кылып берүү милдетин камтыйт. Бул милдетти чоң берилгендик, сабыр жана жан үрөө менен аткарган бардык мугалимдерибиз, келечектин куруучулары катары дайыма баарыбыз үчүн сыймык болуп эсептелет.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары, эки бир тууган өлкөнүн жалпы баалуулуктарын сактап, келечекке жеткирген бардык окумуштууларыбызды, мугалимдерибизди жана билим берүү кызматкерлерибизди урмат менен саламдайбыз. Билимдин жарыгын ар дайым жандантып турган, студенттерибиздин тек гана билим дүйнөсүн эмес, ошондой эле мүнөзүн да калыптандыруучу мугалимдер - силер коомдун эң баалуу жетекчилерисиздер.
Бул маанилүү күндө, биринчиден Мустафа Кемал Ататүрк баш болуп, дүйнөдөн кайткан бардык мугалимдерибизди таазим менен эскерип; милдетин чоң сүйүү менен аткарып жаткан бардык мугалимдерибизге бекем саламаттык, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм. Келечекке үмүт менен караган бардык мугалимдерибизди 24-ноябрь Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Профессор Алпаслан Жейлан
Ректор