“Билим менен акыл үйрөн, ага урмат кыл; бул урмат кийин сага да урмат болуп кайтып келет.”
Кут алчу билим
Урматтуу окутуучулар, кадырлуу коноктор, кымбаттуу студенттер, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан баарыңыздарга жылуу салам жолдойм. Бүгүн адамзаттын өнүгүшүнө багыт берген эң негизги күч — билим берүүнүн устаттары болгон мугалимдерибизди эскерип, урматтап, алардын эмгегин даңазалоо үчүн чогулуп жатабыз. 24-ноябрь — Мугалимдер күнүндө, бул улуу кесипти аркалап келе жаткан бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирүү — биздин үчүн чоң милдет жана сыймык.
Биз, Азирети Алинин “Мага бир тамга үйрөткөн адамга кырк жыл кул болом” деген осуятын өнөк кыла жүрүп, билим берүү жолубузду ошол акыл менен бекемдеп, билимдин жарыгы менен келечекке ишенимдүү кадам таштоого умтулабыз.
Урматтуу катышуучулар, мугалимдик — бул жөн гана кесип эмес бул — акыл, адеп жана ыйман менен толтурулган бир цивилизацияны куруунун өнөрү. Мугалимдер — ар бир коомдун акыл-эстүү, прогресс жолунда чыккан муундарын тарбиялаган эң кымбат мурас сакчысы. Тарыхтагы бардык өнүккөн коомдордун күчү — жакшы тарбияланган жарандар, ал эми ошол жарандардын пайдубалы — мыкты мугалимдер. Батыштагы жарыктык философиясы менен байланышкан билим идеялары биздин Түрк дүйнөсүндө мындан алда канча мурда пайда болгон. “Кут алчу билим”, “Диван-и Хикмет”, “Атебету’л-Хакайык” жана башка классикалык эмгектерде ар дайым адилеттүүлүк, билим, чеберчилик, адеп жана ыйман сыяктуу баалуулуктар негизги орунду ээлеген.
Урматтуу коноктор, Кыргыз-Түрк “Манас” университети — эки бир тууган элдин орток максаты менен түзүлгөн, Түрк дүйнөсүнө кызмат кылган билим ордосу. КТМУ — маданияттар аралык байланыштарды чыңдап турган эл аралык илим борбору, дүйнөлүк билим кеңсесинин жарык жылдыз болуп саналат. Университеттин көп тилдүү, көп маданияттуу чөйрөсү билимдин жалпыга ача экендигин көрсөтүп турат. Ал эми бул баалуулуктардын эң башкы ташуучулары — сөзсүз түрдө биздин окутуучулар. Сиздер — Түрк дүйнөсүнүн биримдигин жакындаткан, студенттерибизге дүйнөнү кеңири түшүнүүгө шарт түзгөн эң маанилүү көпүрөсүздөр.
Урматтуу мугалимдер, сиздер — университетибиздин миссиясын жүзөгө ашыруунун эң чоң күчүсүздөр. Студенттерге жөн гана билим берип тим болбостон, аларды жоопкерчиликтүү, адептүү, уят-сый урматты билген инсандар кылып тарбиялап келесиздер. Сиздер айткан ар бир ой, берген ар бир мисал, жетектеген ар бир студент — келечектин дүйнөсүндө өз жемишин бере турган инвестиция. Анткени эң чоң инвестиция — бул адамга жасалган инвестиция. Ошондой эле биз билебиз: келечекти куруу үчүн сапаттуу кадрлар жана мыкты мугалимдер керек.
Ошондуктан, “Манас” университети сиздерге түзүп берген шарттарды жөн гана кызмат катары эмес, илимге жана билимге болгон урматыбыздын белгиси катары көрөт. Сиздердин чыгармачылыгыңыздар, кубанычыңыздар, академиялык эркиндик — университеттин негизги ийгилиги.
Кымбаттуу студенттер, бүгүн — силерди келечекке даярдап жаткан мугалимдериңерди урматтоо үчүн эң маанилүү күн. Силер баскан жолдун жарыгы — алардын сабагы, алардын эмгеги менен пайда болду. Мугалимге болгон урматыңар — өз өнүгүүңөргө болгон урматыңардын өзү. Балким, эртең силер да мугалим болосуңар, билимдин жарыгын кийинки муундарга таратасыңар. Бул жолдо кээде чарчайсыңар, бирок ошол учурда мугалимиңердин акыл-насаатын эстейсиңер. Алардын сөздөрү силерди кайрадан алдыга жетелейт.
Урматтуу катышуучулар, бүгүнкү дүйнөдө коомдордун өнүгүүсү — билим аркылуу болот. Билимдин борборунда — мугалим турат. Мугалимдин эмгеги — элдин келечегин кеңейтет; алардын тарбиялаган мууну — эртеңки илимдин, маданияттын жана моралдык баалуулуктардын пайдубалы. Ошондуктан мугалимдерге болгон ыраазычылык — бүгүнкү күнгө гана эмес, келечекке болгон ыраазычылык.
Ушул мүмкүнчүлүк менен, башкы мугалим Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана мекен үчүн кызмат кылып жүрүп шейит кеткен мугалимдерди урмат менен эскерем. Университетибиздин бардык окутуучуларын жана өлкөдөгү бардык мугалимдерди 24-ноябрь — Мугалимдер күнү менен чын дилден куттуктайм. Билимге арналган бул улуу сапарыңыздарда ийгилик, тынчтык жана бакыт каалайм.
Бардыгыңыздарды терең урмат менен саламдайм.
Профессор Алпаслан Жейлан
Ректор