Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан 24-ноябрь – Мугалимдер күнүндө “Маариф” билим берүү комплексине барды


  • 2025-11-24

24-ноябрь – Мугалимдер күнүнө карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Бишкектеги “Маариф” билим берүү комплексине барып, мугалимдердин бул өзгөчө күнүн куттуктады.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугилди “Маариф” билим берүү комплексинин мүдүрү Мехмет Черчикайа тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө класстарды кыдырып, мугалимдер менен баарлашкан ректор Жейлан 24-ноябрь – Мугалимдер күнү менен куттуктап, гүл белекке берди. Окуучулар менен да жолугуп, баарлашкан профессор Жейлан билим берүү жаатында аларга болгон үмүтү чоң экенин билдирип, кеңештери менен бөлүштү.

Бул маанилүү жолугушууда окуучулар “Мугалимим” аттуу ырын ырдап, мугалимдерге ыраазычылыгын билдиришти.

Жолугушууда мугалимдерди куттуктап, сөзүн улаган ректор Алпаслан Жейлан мугалимдик кесиптин коомдун келечегин түптөгөн абдан маанилүү кесиптердин бири экендигин баса белгиледи: “Мугалимдик кесип – билим жарыгын урпактарга өткөрүп берген ардактуу кесип. Жан аябастан билим берип, жан дүйнөсүн окуучуларга арнаган ар бир мугалимдин 24-ноябрь – Мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктап, келечегибизди жарык кылган ар бир окутуучуга ыраазычылык билдирем”.

Бишкектеги “Маариф” билим берүү комплексинин мүдүрү Мехмет Черчикайа өткөрүлгөн бул жолугушуу ал үчүн абдан маанилүү экенин айтып, ректор Алпаслан Жейланга ыраазычылыгын билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү