Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Көркөм өнөр факультети 24-ноябрь Мугалимдер күнүнө карата “Ичимдеги кыял” аттуу сүрөт көргөзмөсү жана концерттик программадан турган өзгөчө иш-чара өткөрдү.
2025-жылдын 24-ноябрында Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында уюштурулган иш-чарада сүрөтчү Алмазбек Шаршекеевдин мугалимдер күнүнө карата даярдаган 50 жеке чыгармасынан түзүлгөн “Ичимдеги кыял “ аттуу көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды.
Шаршекеев көргөзмөнүн ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Айтматовдун “Биринчи мугалим” аттуу чыгармасынан шыктанып, көргөзмөгө “Ичимдеги кыял” деген аталышты бергенин билдирди. Көргөзмөдөн кийин майрамдык программа 24-ноябрь Мугалимдер күнүнө карата даярдалган атайын концерттик иш-чара менен уланды.
Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Исмет Алтынташ, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, окутуучулар жана студенттер катышты.
“Мугалим - акылдын устаты, жүрөктүн жол көрсөткүчү, коомдун куруучусу.”
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан 24-ноябрь - Мугалимдер күнүнө карата уюштурулган иш-чарада мугалимдерди куттуктап, Түрк-Ислам цивилизациясынын негизинде билим берүү бар экенин баса белгиледи.
Өз сөзүндө “Кут алчу билим” чыгармасындагы “Билим менен акыл үйрөн, ага урмат кыл; бул урмат кийин сага да урмат болуп кайтып келет.” деген сөздү эске салып, мугалимдердин коомдун өнүгүшүндөгү ролунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Мугалимдик жөн гана кесип эмес, ошол эле учурда “цивилизация куруу өнөрү” экенин белгилеп: “Мугалимдер коомдун билим жана даанышмандык менен калыптанган эс тутумун келечекке алып бара турган теңдешсиз жол көрсөтүүчүлөр. Алар студенттерине академиялык билим гана бербестен, аларды адептүү жана жоопкерчиликтүү инсан катары тарбиялашат. Ошондуктан мугалимдердин эмгеги бүгүнкү күнүбүз жана келечегибиз үчүн эң баалуу инвестиция болуп саналат", — деди.
КТМУнун көп тилдүү жана көп маданияттуу түзүлүшү билим берүүгө универсалдуу өзгөчөлүк берип жатканын баса белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан, мугалимдер Түрк дүйнөсүнүн бир туугандыгын бекемдеген маанилүү көпүрө экенин айтты. Профессор Жейлан мугалимдердин коомдогу ордуна токтолуп: «Мугалим — акылдын устаты, жүрөктүн жол көрсөткүчү, коомдун куруучусу. Силер — Түрк элинин, Түрк дүйнөсүнүн жана бүткүл адамзаттын жарык чырагысыңар», — деди.
Ал ошондой эле уюштурулган көргөзмөнүн маанисине токтолуп, иш-чараны уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын көркөм баалуулуктарын Түрк дүйнөсүнө таанытуунун чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Программанын соңунда башкы мугалим Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана кызмат кылып жүрүп шейит болгон мугалимдерди урматтоо менен эскерген профессор Жейлан, бардык окутуучуларды 24-ноябрь — Мугалимдер күнү менен куттуктап, ийгилик, тынчтык жана бакубат жашоо каалады.
«Мугалим кесиби - дүйнөдөгү эң ыйык кесип»
КТМУнун биринчи проректору саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев сөзүндө мугалимдердин коом жана мамлекет үчүн алып жүргөн маанилүү ордуна токтолду. Доцент Ибраев: «Сиздер, мугалимдер, студенттерди жөн гана билим менен камсыз кылбастан, аларды адеп-ахлакка бекем, жоопкерчиликтүү жана этикалык баалуулуктарга ээ инсан катары тарбиялап жатасыздар. Бул баалуу эмгек келечегибиздин бекем пайдубал үстүндө өнүгүшүнө чоң салым кошууда», — деп белгиледи.
Биринчи проректор Ибраев ошондой эле Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган көргөзмө жана иш-чаралар мугалимдердин чыгармачылыгын жана өзгөчө кайраттуулугун чагылдырган маанилүү эмгектер экенине көңүл буруп, уюштурууга салым кошкон бардык факультет кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Программа күндүн маанисин жана маңызын белгилеген ачылыш сөздөрүнөн кийин КТМУнун Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган Түрк дүйнөсү оркестринин шаңдуу концерти менен уланды. Студенттер жана солисттер сахнага чыгып, бай репертуары жана таасирдүү аткаруулары менен коноктордун чоң алкышына ээ болду.